Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Жаш талант: Менталдык арифметика боюнча Сингапурдагы олимпиадада 1-орунду алган Айгерим дарыгер болгусу келет (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 13 жаштагы тургуну Айгерим Ашымбекова менталдык арифметика боюнча Сингапурда өткөн олимпиадада 1-орунду жеңип алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Айгерим учурда шаардагы №4 мектеп-гимназияда 6-класста билим алып жатат.

«Бишкекте өткөн менталдык олимпиадада 1-орунду алгам. Андан кийин Кытайда өтө турган олимпиадага жолдомо алдым. Тилекке каршы, Кытай тараптан виза ачылбай калып, олимпиадага катыша алган жокмун. Бирок Кытайга барбай калгандарга Сингапурга жолдомо берилген. Аталган өлкөгө барууда жол кире акысын ата-энем төлөп берди. Кыргызстан боюнча 4 эле окуучу бардык. Сингапур өлкөсү абдан кооз экен. Лазердик шоу, парктардагы аттраксиондор, зоопаркка кирүү акысыз болду. Көчөлөрдүн абдан таза болгону мени таң калтырды. Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунду жеңип алдым. Сыйлык катыр кубок, сертификат беришти. Мага математика, англис тили сабактары жагат. Бош убакта комуз чертип, адабий китептерди окуйм. Келечекте дарыгер болгум келет», - деди ал.

Айгерим үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1353
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×