Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.05.2018 19:00

Ош шаарындагы эски суу түтүк жарылып, жыл бою суу агып жатат, - жашоочулар (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу А.Масалиев көчөсүндөгү №10, 12, 14 көп кабаттуу үйлөргө суу баруучу түтүк жарылып калган. Анын кесепетинен бул аймакта жыл бою суу агып турат.

Жашоочулардын айтымында, суу чыккан жер көлчүккө айланып, Ош шаардык суу чарба ишканасы убактылуу гана жамоо иштерин жүргүзүп келет. Суу түтүгүн жарып чыккан суу көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө чейин кирген учурлар да болгон.

Жашоочулардын бири Пазилат Гапарованын айтымында, суу чарба ишканасынын кызматкерлери жарылган жерге жыгач кагып гана тим болот.

«Бул суу түтүгү мектеп менен көп кабаттуу үйдүн ортосунан өтөт. Майда-чүйдө оңдоолордон эч жыйынтык чыкпай, 4 мезгил бою суу чыгып турат. Жыл сайын биздин 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүн суу каптачу, быйыл гана кирген жок. Кайрылбаган жерибиз калбады, эч кандай майнап чыкпай жатат», - деди ал.

Ал эми Махбурат Капарова бул жерде жашаганына 30 жылдан ашкан. Суу түтүгүн жарып чыккан суу 5-6 жылдан бери токтобойт. Азыр айланасына да таштандылар төгүлүп, жагымсыз жыт чыгып, элди түйшөлтүүдө.

«Менин келиним менен Каюм деген кошунабыз мэрияга, Ош шаардык суу чарба башкармалыгына чейин барып арыз таштап келишти. Бирок ушул күнгө чейин эч ким кабар алган жок. Арыз жазылганына 1 айдан ашып калды. Бул суу каякка кетип жатканын да билбейбиз. Өзү бир нугун таап агып жатат. Менин оюмда суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Бир жерин жамаса, экинчи жеринен суу чыга берет», - деди М.Капарова.

Феруза Пайзулдаеванын айтымында, суунун жанында таштанды төгүлүүчү контейнер да коюлган. Андан чыккан жагымсыз жыт айланасындагы кичи базарды да каптап турат.

«Бул жерде кичи соода дүкөндөрү бар. Жыл сайын дүкөндөрдүн ортосунан суу түтүктөрүн алып өтүшөт. Бирок ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүшө элек. Оңдоп бергиле десек "Ош шаардык мэриясынан каражат бөлүнбөйт" деп шылтоо айтышат», - деди Ф.Пайзулдаева.

Ал эми Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын суу бөлүмүнүн башчысы Султан Айылчиев аталган суу түтүгү май айында толугу менен алмаштырыла тургандыгын билдирди.

«Ал жерде чындыгында көйгөй бар. Буга чейин биз суу түтүгү жарылган учурда барып оңдоп турганбыз. Ал жердеги суу түтүктөрү коюлганына 50-60 жыл болуп, эскилиги жетип калган. Быйылкы жылы ишканадан каражат бөлүнүп, 182 метр түтүк толугу менен алмаштырылат», - деди С.Айылчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×