Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 11.05.2018 14:20

Нарында «Көчмөндөр цивилизациясы: бүгүн, кечээ жана эртең» аттуу илимий-практикалык конференция өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Көчмөндөр цивилизациясы: бүгүн, кечээ жана эртең» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган конференция Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде Аймактарды өнүктүрүү жылына, Нарын шаарынын 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына, «Теңир-Тоо» гезитинин 80 жылдыгына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган.

Иш-чарада тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.Ш. Токобаеванын «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу слайды көрсөтүлүп, экономика илимдеринин кандидаты М.А. Бекбоева «Туризмди өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коомдогу жана экономикадагы ролу» аттуу докладын баяндады. Ошондой эле, улуу манасчы Жусуп Мамай тууралуу кыска фильм көрсөтүлүп, филология илимдеринин кандидаты А.С.Жантаевдин доклады, тарых илимдеринин кандидаты Г.Эсеналиеванын «Нарын шаарынын тарыхы» аттуу слайды жана Нарын облустук коомдук-саясий гезитинин тарыхы тууралуу атайын даярдалган видео-ролик тартууланды.

Нарын мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты Н.А.Чоробаеванын жана НМУнун илимий китепканасынын башчысы Г.Кыдыралиеванын окуу жайдын түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына арналган слайды көрсөтүлдү.

Конференциянын аягында Аймактарды өнүктүрүү жылына, Нарын шаарынын 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына, «Теңир-Тоо» гезитинин 80 жылдыгына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аларды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы О.Ботоканов куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

Мындан бир ай мурун «Тоо койнундагы менин шаарым» аталышындагы видео-ролик тартуу, жана эссе жазуу боюнча сынак жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×