Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 09.05.2018 15:18 На русском

Сүйүнчү! 45 жаштагы Чынара Исманова 3 эм төрөдү (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда 45 жаштагы Чынара Исманова 3 эм ымыркайларын жарыкка алып келди. 4-майда төрөлгөн ымыркайлардын экөө кыз, бири уул бала.

Экстракорпоралдык уруктандыруу (сырттан жасалма уруктандыруу) жолу менен жаралган эгиздер операция аркылуу төрөлгөн.

Маалым болгондой, Ч.Исманованын улуу кызы 23 жашта. «Кызым жеке клиника менен байланышып, жол-жобосун билгенден кийин мени кезекке жаздырып койгон», - деди ал.

Мындай ыкманы колдонгон айымдардын көпчүлүгүндө дароо жыйынтык болбогонун айткан дарыгерлер Ч.Исмановага биринчи жолкусунда эле оң жыйынтык болгонун айтышкан.

«Үмүт менен дароо 3 эмбрион салынып, жок дегенде бири жыйынтыктуу болот деп күткөнбүз. Бактыга жараша 3 ымыркай төрөлдү», - деген Чынара кош бойлуулуктун 6 айынан тарта жеке дарыгеринин көзөмөлүндө болгон.

Төрөт пландалгандан 20 күн эрте толгоо башталып, операцияны акушер-гинеколог Руслан Агайдаров жасаган. Операциядан 4 күндөн кийин Чынара өзүн жакшы сезгенин айтты.

«Учурдагы сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Бизге 3 эм боло турганын айтышканда менин жаш курагыма байланыштуу бирин алууну сунушташкан. Бирок биз баш тартканбыз. Кош бойлуулуктун акыркы айында оор болду, ордумдан жылган жокмун», - деди Ч.Исманова.

Дарыгер Р.Агайдаров ымыркайлардын ата-энеси, үй-бүлөсү чексиз кубанганын айтып, эне менен ымыркайлар үйүнө чыгарууга даярдалып жатканын кошумчалады.

Эки кыздын салмагы 2,160 кг, 2,380 кг болсо, үчүнчү болуп төрөлгөн уулунун салмагы 2,500 кг болгон. Азырынча аларга ысым тандала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×