Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Талас облусу, Талас 09.05.2018 14:44

«Альянс Алтын» ишканасы Талас облусундагы ардагерлерге акчалай сыйлыктарды тапшырды (фото)

Turmush -  «Альянс Алтын» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун Талас облусундагы ардагерлерин Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу компаниянын башкы жетекчисинин орун басары Көлбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, «Альянс Алтын» ишканасы өзүнүн «Бакубат Талас» фонду менен биргеликте Жеңиш майрамына арналган салтанаттуу иш-чараларга активдүү катышты. 8-майда Талас районунун акимчилиги менен биргеликте Манас айылында ардагерлер үчүн концерт уюштуруп, сый тамак тартууланып, белектер тапшырылды. Согуштун жана ооруктун бардык ардагерлерине «Альянс Алтын» ишканасы менен «Бакубат Талас» фонду тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бүгүн, 9-майда Талас облусунун жетекчилиги менен биргеликте Талас шаарында ардагерлер үчүн майрамдык сый тамак жана концерт уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×