Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.05.2018 11:30

Нарында студенттердин арасында интеллектуалдык оюн уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 7-майда студенттер арасында «Жаштар ааламы» аталышындагы интеллектуалдык оюн болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Нарын казыятынын алдындагы Нарын медресеси тарабынан уюштурулган. Ага жалпы 8 тайпа катышып, уюштуруучулар менен медреседе окуган студенттер диний жана гуманитардык предметтер боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында алдыңкы орунду багындырган студенттерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×