Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Чүй облусуКемин району 07.05.2018 20:51

Кеминде Т.Исмаилов «Жыл мугалими-2018» сынагын жеңип, облустук турга жолдомо алды (фото)

Turmush -  Кемин районунун М.Кашаганов атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими-2018» сынагы болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, аталган сынакка аймактарда өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген мугалимдер катышты. Сынактын жыйынтыгында биринчи орунга Карал-Дөбө орто мектебинин география мугалими Т.Исмаилов ээ болуп, облустук турга жолдомо алды. Ошондой эле, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын «Билим даңкы» төш белгиси жана акчалай сыйлык, Кемин райондук кесиптик бирлигинин баалуу белектери тапшырылды. Калган мугалимдерге ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Жеңүүчүнү Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Д.Р.Дүйшебаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.З.Курманалиева, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.С.Алиева, Кемин райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×