Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 08.05.2018 12:46

PR «Кыргызнефтегаз»: Инвестор керек. Азыркыдай иштесек да өндүрүш жүрөт, бирок өнүгүш керек, - төрага Р.Бостонов

Turmush -  «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунда маалымат жыйын өткөрүлдү. Анда каралган негизги маселелер:

1. 2017-жылдын жана 20128-жылдын төрт айынын жыйынтыктары;

2. «Кыргызнефтегаз» ААКсы туурасындагы айрым туура эмес маалыматтардын ЖМК, социалдык тармактар аркылуу берилиши.

Маалымат жыйынга катышуучулар:

- «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Р.А.Бостонов;

- «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы М.Тургунбаев;

- технологиялык транспорт башкармалыгынын башчысы Бекболот Султанов;

- нефть, газ өндүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Абылов;

- жетекчинин транспорт жана жалпы маселелер боюнча орун басары Т.Мурзакулов;

- каржы директору Буркан Темирбаев;

- бургулоо иштер башкармасынын башчысы Орозалы Нурумбетов;

- газ реализациялоо участкасынын башчысы Кочкоралы Амадалиев;

- суу менен камсыздоо участкасынын башчысы Калдар Абдыразаков жана башка тийиштүү адистер.

«Кыргызнефтегаз»
Рашит Бостонов: «Кыргызнефтегаз» ААКты жетектегениме бир жылдын жүзү болуп калды, 2017-жылдын май айында кызматка келгем. Бул ишкана 2017-жылдын 1-майына чейин өндүрүштүк-финансылык абалы өтө оор мезгилге тушуккан. Жыл башында «Избаскент» нефтини даярдоо участкасында жана өндүрүү жайларында резервуарлар нефтиге толуп кеткен. Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) заводунун резервуарлары сатып алуучу жоктугунан мазутка толуп, завод иштебей токтоп калган экен. Мунун кесепетинен 323 скважинанын ичинен 192си айласыздан иштетилбей турган. Кайрагач, Чаңгыр-Таш участкаларында иштеп жаткан скважиналар толугу менен токтотулган. 2017-жылдын апрель айында мунай өндүрүмдөрүнүн сатылышы кескин токтоп калып, мекемебизге кооптуу өндүрүштүк-финансылык абал түзүлдү. Бул Соцфондго, салыктардын, бюджетке болгон карыздардын төлөнбөй калып, көбөйүшүнө алып келген. Анын негизинде 2017-жылдын 1-майына карата Соцфондго болгон карыз 18 млн 574 миң сомго, салыкка болгон карыз 41 млн сомду түзгөн. Жыйынтыгында иштеп турган скважиналардын токтотулушу өтө чоң финансылык каражаттардын жоготуусуна, бардык техникалык, экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди.

Төрага Рашит БОстонов

Буга чара көрүүнүн натыйжасында 2017-жылдын май айынан иштер алга жыла баштады. Ош шаардык жылуулук борбору менен 14,4 тоннага келишим түзүлүп, КПКнын кампасында топтолгон 9,5 миң тонна мазут Ошко жеткирилип, кампалар бошотулду. Токтоп калган завод өндүрүлгөн мунайды кайра иштете баштады. Анын арты менен бардык маселелер чечилип келди.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү акционерлердин жалпы жыйынында отчетубузду бердик. Жалпысынан өткөн жылы абдан жакшы ийгиликтерге жетиштик. Нефть өндүрүү 103 миң тоннага жетип, план 121%га аткарылды. Таза киреше 204%га жетти. Ал эми 2018-жылдын биринчи кварталын 137%га жаап жатабыз, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң тоннага көп мунай өндүрдүк дегенди билдирет. Тактап айтканда, 2018-жылдын биринчи кварталына карата 27 миң 387 тонна нефть, 7, 602 млн куб газ өндүрдүк. Ушундай темп менен иштесек, былтыркы жылга салыштырмалуу 27 миң тоннага көп өндүрөбүз. Жылдын жыйынтыгында былтыр планды 21 миң тоннага ашык аткарсак, быйыл аны 30 миң тоннага жеткирели деген ниеттерибиз бар.

Жамаатта баары ыраазы, он үчүнчү айлыкты берип, өз убагында маянасын карматып, социалдык пакеттерди берип жатабыз.

Азыр өндүрүш кызуу жүрүп, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун экономикалык абалы күн сайын жакшырып баратат. Нефть өндүрүүнүн көлөмү жогорулап, киреше эки эсеге көбөйдү.
Бирок ага карабастан, изилденип аныкталган нефть, газ булактарын алууга чоң суммадагы каражат керек. Ал эми азыркы мезгилде Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» нефтини кайра иштетүүчү заводдун жабдуулары 20 жылдан бери иштетилип, эскирип бүткөндүктөн модернизациялоо зарылдыгын бул жердегилер баары билишет. Анткени, 2019-жылдын 1-январынан заводдун иштеп чыгарган продукциясы Евробиримдиктин талабына жооп бербей калат. Заводду жаңыча жасап алганга «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун өзүнүн каражаты жетпегендиктен, сөзсүз түрдө инвестиция тартуу зарылдыгы туулат. Эгерде бул максаттар ишке аша турган болсо өндүрүштүн көлөмүн жогорулатып, заводду рентабелдүү иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң негизгиси заводду модернизациялоо ийгиликтүү жүрсө Жалал-Абад облусу үчүн эле эмес, түштүктөгү үч облустун калкын жогорку сапаттагы күйүүчү майлар жана керектүү нефть продуктулары менен камсыз кылууга шарттар жаралмак. Ошону менен бирге автопаркта техникалар да эскирип, бургулоо иштерине жарабай калган. Азыр Майлуу-Су-4, Чыгыш Избаскент нефть өндүрүүчү жайларында изилденип, аныкталган 450 скважинаны бургулоо керек. Буга өзүбүздүн тапкан дараметибизиди жумшасак 45 жылдык убакыт сарпталат. Ал эми бир жылда бар болгону 10 скважинаны гана бургулоого мүмкүнчүлүк жетет.
Бүгүнкү күндө жердин астында жаткан 4 млрд 100 млн куб изилденген газдын запасы бар. Биздин максаттар ишке аша турган болсо, Кыргызстандын түштүгүн арзан газ менен камсыз кылууга жетишкен болор элек. Буга жок дегенде 500-700 миллион долларга чейин инвестиция талап кылынат.

Айта кетчү сөз, азыр «Кыргызнефтегаз» СССР мезгилинде изилденип табылган нефть, газдын булактарын өндүрүп жатышат. Мындан ары жаңы жайларды чалгындап, изилдөө керек. Буга да ири суммадагы каражат сарпталат. Мына ошондуктан, биздин эмгек жамаат сөзсүз түрдө инвестициянын тартылышын, эң негизгиси Россиянын «Газпром» ишканасынын келишин колдоп жатышат.

Инвестор чыгып калса биздин талаптар коюлат.

Алар:

Кочкор-Ата шаарынын калкына газ, суу төлөмдөр ушул боюнча калат, соцпакеттер каралат, жумуш орун кыскарбайт, тетирисинче көбөйүшү мүмкүн. Мектеп, бала бакчаларды куруу жактары каралат. Бирок башта айтып өткөн жетишкендиктерге карабастан айрым бир күчтөр биздин жалпы чогулушту жокко чыгарып, ошол күнү жыйынды бузууга аракет жасашты. Туура эмес маалыматтар менен күрөшүп, биз да элге туура маалымат жеткирели деп убактыбыз кетип жатат. Ишибиз бир аз солгундап турат же «Кыргызнефтегазда» иштебеген же акционерлерге тиешеси жок, сырттагы эле айрым адамдар терс аракеттерди жасап жатканын алдын албасак, эртең ал өөрчүсө биздин ишканабызга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан жетекчи катары мунун алдын алып, укук коргоо органдарына кайрылбасак болбойт экен. Элге таратылган жалган маалыматтар тууралуу УКМКнын, ОИИБдин башчыларына кайрылдык. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жетишкендиктерибизди айталы деп ушул иш-чараны уюштурдук».

Директорлор кеңешинин төрагасы Мелис Тургунбаев: «Кыргызнефтегаз» АККы 2017-жылы мунай өндүрүүнү 121%га аткардык. 2016-жылга салыштырмалуу таза кирешебиз 155%га өстү. Мамлекетке 792 млн сом салык төлөп, планды 145 пайызга, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 111 пайызга аткардык. Дивиденттерди акционерлерге өз убагында төлөдүк. 2016-жылы дивидент катары бир акцияга 4 сомдон төлөсөк, 2017-жылы алты сомго чыкты. Ошентип экономикалык, социалдык көрсөткүчтөр 120%дан200%га чейин өстү. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча алдыга жылып, чоң жетишкендиктер болгондугун тастыктайт.

Мелис Тургунбаев

Азыр 2018-жылдын биринчи кварталында план 137%ды түздү. Мурунку жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 140%га аткарылды. Ал эми биз планды 150 пайызга аткарасыңар деп тапшырма коюп жатабыз. Таза киреше быйылкы жылдын биринчи кварталына карата 208 млн сомду түздү. Былтыр 98 млн сом болсо, эки эсеге киреше көтөрүлүп жатат. Алдыда чоң максаттарды, ага ылайык башкармалыкка да чоң тапшырмаларды койгонбуз. Жаңы инверсторлорду табуу зарылчылыгы, анын арты менен жаратылыш газын өндүрүү, нефти скважиналарын көбөйтүү сыяктуу максаттар бар.
Жогоруда айтып өткөндөй быйыл дагы жакшы иштер жасалган. «Кыргызнефтегаз» ишканасы ишин так аткарып жатат жана буйрусааткара бермекчи».

Буркан Темирбаев «Кыргызнефтегаз» ишканасынын финансы директору Буркан Темирбаев: «Эске сала кетчү нерсе, «Кыргызнефтегаздын» финансы-экономикалык көрсөткүчү эң жакшы. 2017-жылдын көрсөткүчтөрүн акыркы он жылга салыштырсак дагы мындай болуп көргөн эмес. 652 млн сомдук баланс киреше менен эч качан чыккан эмеспиз. 2017-жылдын жыйынтыгы менен чыктык. Ал эми нефть өндүрүү боюнча дагы 100 тоннадан ашык көрсөткүчкө жеттик. Акыркы 20 жылдан бери мынча мунай өндүрө элек болчубуз. 1992-жылдан бери биринчи жолку жакшы көрсөткүч болуп жатат. Айлык акылар, салыктардын төлөнүшү да жогору болду. 2500 киши ушул жерден жогорку маянаны өз убагында алып, үй-бүлөсүн багып жатат. Жогоруда айтылгандай, Соцфонд менен салыкка 792 млн сом төлөндү. Ушундай пайда алып келип жаткан «Кыргызнефтегаздагы» иштердин эң негизгиси уюштуруучулук, коллективдин биримдиги болуп эсептелинет».

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун профсоюз комитетинин төрагасы Акын Раимкулов: «Социалдык объектилерге жаңы жетекчилик чоң жардам берди. Кызматкерлердин эс алуусун шарттап, былтыр 138 жолдомо алсак, быйыл 250 жолдомо сатып алганга жетиштик. Андан сырткары бир жылда 650 баланы эс алууга жиберебиз. Мындайча айтканда, 2300 кызматкердин ичинен 900 адам быйыл бекер эс алып келишти. Бизден чыккан ардагерлерди эс алдырчу элек, жылда 110 аксакалыбыз эс алса, быйыл эки жүздөн ашуун ардагерлерибиз эс алып келишти. Эң негизгиси биздин социалдык объектилерге көңүл бурулуп, бала бакча ачылды. Учурда 198 бала бакчага барып жатат.
Биздин жумушчулардай жакшы эс алган адам жок. Андан сырткары федерация да бизди кур койбойт. Жылына 2 кишилик 60 жолдомо берип турат. Лагерлер боюнча алсак, жылда 900 жаштар бара турган болсо, 1500 адам барып эс алды. Шаардагы стадион, маданият үйү бүт баары ушул ишкана тарабынан каржыланат. Газ, суу боюнча да жумушчуларга чоң жеңилдиктер каралган.

2017-жылдын май айына чейин «Кыргызнефтегаз» өтө чоң кыйынчылыкка туш келген. Техникалар токтоп, жумушчулар иштебей, мазуттарыбыз толуп, сатылбай келген. Жаңы жетекчилик келери менен тез арада кыйынчылыктан алып чыгып, бүгүнкү чоң ийгиликтерге жетишти. Муну эмнеге айтып жатам?… Кечээ акционердик жыйын болду. Ал жерде мыйзам боюнча акционерлер үчүн эки эле маселе кызыктуу болот. Биринчиси жылдык отчетту угуу, экинчиси акционерлер канча сомдон дивидент алат. Ага карабастан ошол жерде бир-эки адам кирип, кичине ызы-чуу чыгарууга аракет жасады. Бирок максаттарына жетишкен жок. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жылдык жетишкендиктерди эмес, ошол кишилердин салган чырын көрсөткөндүктөн калкка чындыкты жеткирели деп маалымат жыйын уюштуруп жатабыз».

Акын  Раимкулов
КПКдагы коопсуздук кызматынын жетекчиси Рашит Сулайманов: «Инвестиция, инвестиция деп жатабыз, анын кандай пайдасы бар? КПК чыгарып жаткан сырьелорубуз евро-2, ал эми биз евро-5ке жетишишибиз керек. Себеби эл аралык талаптарга евро-2 жооп бербейт. 2019-жылдын январынан тартып биздин мазут эч жакка өтпөй калышы мүмкүн. Жогоруда айтылып кеткендей биздин завод 2018-жылдын 1-январынан токтош керек болчу.

Парламентте депутаттар бул маселени карап, эки жылга узартып берди. Эки жыл ичинде инвестиция таап, башка завод курушубуз шарт. Биздин завод жабылып калчу болсо, «Кыргызнефтегаз» өндүргөн мунайын айласыздан Өзбекстандын Фергана заводуна айдаш керек болот. Ал эми биздин кызматкерлер «Газпром» инвестор болуп келсе жакшы деп ойлоп жатканыбыздын себеби — бул дүйнөлүк ири компания жана тажрыйбасы мол. Анын үстүнө Кытайга караганда ишенимдүү, союздаш, тилектеш өлкө».

Рашит Сулайманов

«Кыргызнефтегаз» ААКтын УТТсынын башчысы Бекболот Султанов: «Бул маалымат жыйынды уюштурууга мажбур болгонубуздун себеби — «Кыргызнефтегаз» ААКтын тегерегинде чагымчыл сөздөргө карата чындыкты элге жеткиришибиз керек. Жалпы жыйын жетекчилерге баа бере турган чогулуш. Ал күнү бизде иштебеген, биздин ишканага тиешеси жок адамдар жетекчиликке, коллективге баа берип жатканы өтө өкүндүрөт. Бизде 2300 адам эмгектенип, алар оор тармакта иштешет. Анткени күнү-түнү, ысык-суук дебей талаада эмгектенишет. Туура эмес информацияларга ишенбегиле. Учурдагы жетекчилик кызматка келгенде абал оор эле. Мен транспорт мекемесин жетектейм, көп кыйынчылыктарды көргөнбүз. Запастык бөлүктөр жетишсиз, тендерлер өткөрүлбөй, оңдоо иштерине акча бөлүнбөй жүрчүбүз. Азыр ал маселелер жок».

Бекболот Султанов

«Кыргызнефтегаз» АККтын кызматкери Оморали Анарбаев: «Дагы бир маселе — «Газпром» келсе өз эркибиз менен акциябызды берели деп жатабыз. Бизге эч ким акыл үйрөтүп же басым-кысым кылган жок. Анткени «Кыргызгазды» көрүп жатабыз, «Газпромго» өткөндөн бери 1 акцияга 48 сом дивидент төлөнүп, жумуш жакшы жүрүп жатат. Инвестиция келсе, нефть казуу иштери кеңеет, талапка ылайык заманбап завод курулат. Эгер «Газпром» ала турган болсо коркпой бериш керек».

Оморали Анарбаев
Нефтичи-оператор Кубаныч Назаров: «Унааларды камсыздай албай калган учурларда жөнөкөй жумушчудан тартып мекемени сактап калабыз деп нефть казчу жерге жөө барып иштеп, ушул күнгө жеттик. Скважиналар токтоп калган учурлар да болчу. Нефтичи, адис катары айтайын, көпкө токтогон болбойт. Анда аны жоготобуз. Азыр жаңы жетекчилик келгенден бери андай учур болбоду. Жаңы казылган скважиндер көбөйдү, нефти көп казылгандыктан айлыктар көбөйүп, өз убагында алып жатабыз. Министрликтерден келгендер жалпы жыйында үч мамлекетти айтышты. Биз кызматкерлер алардын ичинен Россиянын «Газпромун» колдоп жатабыз».

Назаров
Курулуш монтаждоо участкасынын жетекчиси Кадыржан Момошов: «Инвестициясыз биз өз күчүбүз менен заманбап үлгүдөгү евро-5 чыгара турган завод кура албайбыз. Өз учурунда жаңы мунай кендерди каза албай жатабыз. Ал үчүн бизге ишенимдүү инвестор керек. «Кыргызгазды» көрүп жатабыз. Өнүгүп жатышат, газ түтүктөрүн жаңылап, газ жок жерлерге тартып, жакшы иштерди аткарышууда. Ошондуктан биз да инвестор келүүсүнө, ишибиз алга жылуусуна тилектешпиз».

Нефть жана газ өндүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Абылов: «Мен бир нерсени айтып кетейин, учурда биздеги нефть запастары абдан тереңде болуп жатат. Кыргызстанда нефть, газ боюнча мыкты адистер жок. Мына ошондуктан да инвестиция керек болуп турат. Анткени биздеги мунай запастары 4-5 миң метр тереңдикте жатат. Ал үчүн көп акча каражаты керектелет. Ал эми иштебеген, ишибизди билбеген адамдар биздеги ишти баалоого укугу жок, туура эмес деп эсептейм».

Нурлан Абылов

«Кыргызнефтегаздын» газды сатуу жана реализациялоо участкасынын башчысы Кочкорбай Амадалиев: «Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Кыргызнефтегазда» калкты газ менен камсыздоо маселеси боюнча 7 долбоор иштелип чыккан болсо, анын алтоо ишке ашты. 500гө жакын абонентти газ менен камсыздадык. Момбеков айыл аймагында 26 жылдан бери газ берүү токтоп калган, Кочкор-Ата шаарынын калкына 100% газ берилди. КМШ өлкөлөрүндө эң арзан газ — «Кыргызнефтегаз» берген газ. Анткени мындан газ алгандар 6 сом 14 тыйындан төлөшөт. Ал эми биздин кызматкерлерге 3 сом 7 тыйындан беребиз, бул социалдык пакетке кирет. Бизде газга болгон жоготуу деген чоң көйгөйүбүз бар. Салыштырып айтсам, мурда 10 пайыз болсо, быйылкы үч айлыкта 4%га түштүк.
«Газпромду» изилдедик, абдан тажрыйбалуу ишкана. Алар жылына 500 млрд куб газ өндүрөт экен. Ал эми Кыргызстанды толук газ менен камсыздасак 1 млрд куб ашыгы менен жете турган. Андыктан биз бул дүйнөлүк ири мекемеге коркпой эле өтүшүбүз керек».

Кочкорбай Амадалиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×