Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 07.05.2018 15:47

«Бакубат Талас» фонду Таластагы жаш спортчуларга колдоо көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Талас облусунда республикалык спартакиадага жолдомо утуп алышкан 207 окуучуга «Альянс Алтын» компаниясы негиздеген «Бакубат Талас» фонду 200 миң сомдук колдоо көрсөттү.

Фонддун маалыматына караганда, каражатка жалпы оюнчулардын параддык формасы, спорттук формалары жана спорттук жабдыктары алынды. Буга байланыштуу жаш спортчуларды спартакиадага узатуу иш-чарасы Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Ага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Жаркыналиева, «Альянс Алтын» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары, «Бакубат Талас» фондусунун байкоочулар кеңешинин төрагасы К.Мусаев, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Мамбеталиев катышып, балдардын жеңиш менен кайтуусуна шык беришип, каалоо-тилектерин айтышты.

«Бакубат Талас» фонду буга чейин көк бөрү боюнча Талас районунун «Бакубат Талас» командасын каржылап, жаңы форма менен камсыз кылган. Аталган команда Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөн мелдеште 1-орунду багындырып, баш байгеге коюлган «Нива» унаасын жеңип алышкан эле.

«Бакубат Талас» фонду тарабынан 2016-2018-жылдар аралыгында Талас облусунун спорт тармагын өнүктүрүү максатында 7 млн 108 миң 312 сомдук 27 долбоор ишке ашырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×