Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Видео, фото — Ош—Бишкек жолунда бакты сүзүп кулаган унаадагы 3 жүргүнчү каза болду

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 3-майда болжол менен саат 06:30 чамасында Жалал-Абаддагы Кудук-Сай айылынын жанында «Степвагон» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыкка учурап, 23-24 жаштагы эки кыз жана бир эркек киши каза болгон. Баары тең баштарынан жаракат алышкан.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, аталган унаа жол жээгиндеги эки бакты катары менен сүзгөн. Айдоочунун айтымында, Жыйырманчы айылынан Кара-Көл шаарын көздөй бара жаткан.

«Шок абалдагы айдоочуга медицина кызматкерлери жардам беришти. Унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Кырсык болгон учурда бир жүргүнчү унаадан ыргып кеткен», - деп билдиришти күбөлөр.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Ош—Бишкек унаа жолунун 467-чакырымдында «Хонда Степ Вагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру S 58 83 AA) авто унаа жолдун карама-каршы тилкесиндеги даракты сүзүп токтогон. Унааны ичинде бара жаткан 3 жүргүнчү, 1 эркек, 2 аял алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми, айдоочу - 1998-жылы туулгун Кара-Көл шаарынын тургуну И.А. Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда Таш-Көмүр шаардык ЖККБнын кызматкерлери окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп, каза болгондордун өздүгүн жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 3-май күнү саат 07:15 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 467-чакырымында (Чүйүт-Сай тилкеси) «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бак сүзгөнүн билдирди.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12260
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×