Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.05.2018 16:59

Нарындын «Жаш дарыгерлер» тобу элеттик тургундарды бекер медициналык кароодон өткөрүшөт (видео)

Turmush -  Нарындын «Жаш дарыгерлер» тобу облустагы райондорду кыдырып, тургундарды бекер медициналык кароодон өткөрүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дарыгерлер билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын облустук бириктирилген ооруканасында жалпы 79 дарыгер эмгектенет. Бирок ооруканада дагы элүүгө чукул дарыгердин жетишсиздиги башкы көйгөй болуп келет. Мындан улам жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана Нарындын медицинасына салым кошуу максатында «Жаш дарыгерлер» тобу мындан 1 жыл мурун уюшулган.

«Биз буга чейин “Жылдын мыкты дарыгери” сынагын уюштуруп, жыл мыктыларын аныктап алдык. Бул да болсо колдоо деп ойлойбуз. Жаш дарыгерлерди облус аймагына тартуу аракетин көрүүдөбүз. Анын жыйынтыгы менен облуста жаш дарыгерлер көбөйүүнүн үстүндө.

Биздин негизги жумуш, максат — адамдын өмүрүнө жооп берүү. Жумуштан чыгып алып деле ооруп жаткан бейтаптарды ойлоп, сарсанаа болобуз. Негизи, кыргыздар өз билемдик менен ар кимден уккан дарыны ичип алып оорусу күчөп, акыркы стадиясына жетип калганда кайрылышат. Мындай көрүнүштөр бизди тынчсыздандырат. Эми алдыда жакшы пландарыбыз бар, алардын бири — май айында райондорду кыдырып, элдин ден соолугун бекер текшеребиз», - деди кардиолог-дарыгер Курманжан Шакирова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×