Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Оштогу 1,8 млрд сомдук жаңы оорукана июлда пайдаланууга берилет (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Тилек аймактык кеңешиндеги 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 95 пайызга аяктап калды. Анын курулушу менен бүгүн, 24-апрель күнү мэр Айтмамат Кадырбаев таанышты, деп маалымдайт мэрия.

Курулуш иштери боюнча шаар жетекчисине башкы инженер маалымат берди.

«Оорукананын курулуш иштери 2017-жылдын август айында башталып, 95 пайызы бүткөрүлдү. Бул жерде 200гө жакын жумушчу иштейт. Алардын жарымы кытайлык куруучулар болсо, жарымы жергиликтүү куруучулар. Учурда имаратты актап-сырдоо, айланасын иретке келтирүү жана медициналык жабдыктарды орнотуу жумуштары калды. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айында бүтүрүп, жаңы имаратты пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», - деди башкы инженер Жанг Иэн Вей.

Курулуш иштерине 1 млрд 800 млн сом акча каражаты жумшалат. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы метр болсо, курулуштун аянты 12,5 миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1090
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×