Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.04.2018 13:03 На русском

Өлкөнүн үч облусундагы 23 ооруканага жаш балдарга чукул жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдыктар берилет (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарында «Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө» аталышындагы жаңы долбоордун бет ачары өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун жетекчилери катышты.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуонун айтымында, жаңы долбоор аталган үч облустагы өзгөчө аярлуу үй-бүлөлөрдүн, балдардын жана аялдардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

2021-жылдын март айынын соңуна чейин 500 дарыгер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган 23 уюмдун жетекчилери ымыркайларды жана балдарды дарылоонун, аларга кам көрүүнүн заманбап усулдары боюнча практикалык билим алып, аларга жаңы санарип технологияларды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле 10 оорукана суу менен камсыздалып, жылытуу жана санитардык системалар оңдолот. Мындан тышкары, баланы багуу боюнча практикаларды жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттар деңгээлинде ата-энелерди окутуу пландалып жатат.

«Оор абалдагы ымыркайларга жана балдарга чукул жардам берүү, аларды дарылоо жана багып чоңойтуу максатында өлкөнүн түштүгүндөгү 23 ооруканага балдардын өмүрүн сактап калуу боюнча медициналык жабдуулар сатылып алынат», - деп белгиледи Ю.Мокуо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×