Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык Р.Касымалиева курбусунан чеберчиликти үйрөнүп, улуттук кийимдерди тигүүдө (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 44 жаштагы тургуну Роза Касымалиева 1,5 миң сомдук күрмөлөрдү тигип сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү курбусунан үйрөнгөн.

«1990-жылы Көпүрө-Базар айылына келин болуп келдим. Кол өнөрчүлүктү курбум Нургүл үйрөткөн. Экөөбүздүн курбу болгонубузга 21 жылдын жүзү болду. 21 жылдан бери ишмердүүлүк менен алектенип келе жатам. Башында кыздын себине деп курак курачумун. Акыркы 3-4 жылдан бери шырылмалуу күрмөлөр чыгып, кийиле баштагандыктан улуттук күрмөлөрдү тиге баштадым.

Көбүнчө курбум экөөбүз отуруп тигебиз. Бири-бирибизге жардамчыбыз. Мектеп окуучусунан айыл тургундарга чейин буйрутма беришет. Кездемени кээ бирөөлөр өздөрү алып келишсе, кээде өзүбүздөн чыгат. Отуруп тиксем бир күндө бир күрмө даяр болот. Күрмөлөрдүн баалары 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин. Бул иш көздүн майын көп алат. Бирок ден соолук барда иштегенге эмне жетсин. Ушул кол өнөрчүлүк менен балдарымды өстүрүп келе жатам. Алдыда айыл ичиндеги кыз-келиндерге деп тигүү ишканасын ачууну пландап жүрөм», - деди ал.

Чебер айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 896
Көп окулду
×