Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылды, - ИИМ

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко («Ата Мекен») экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнүн иликтенишине кызыкты.

«Бир шектүү кармалып, экинчиси өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалган. Бул маселе боюнча кандай иштер аткарылды? Мындан тышкары бул иште саясий себеп тууралуу айтылган, ал жоопсуз калды», - деди эл өкүлү бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун кароо учурунда.

Депутатка жооп берген ички иштер министри Улан Исраилов кылмыштын бети ачылганын билдирди.

«Сиздер билесиздер ИИМ башында эле саясий себеп жок экенин маалымдаган. Аталган кылмыштын бети ачылды, шектүүлөрдү өткөрүп берүү маселеси чечилди. Биздин кызматкерлер иш сапар менен Россияга барып, аларга кесиптештерибиз жардам беришти. Учурда тергөө жүрүп жатат. Далил буюмдар, куралдар, жүйөлөр тергөө жолу менен аныкталды. Кененирээк айтып бере албайм, терөө жүрүп жатат. Бирок кылмыштын бети ачылды», - деди ИИМдин башчысы.

Улан Салянов 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү өз үйүндө белгисиз адамдардын огунан 42 жашында көз жумган. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашачу.

«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам үйүнө кирип барып, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын кое берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Жыйынтыгында ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп билдирген жактоочу Улан Жумаков.

У.Салянов унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13181
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×