Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу 17.04.2018 17:28 На русском

Акча кыстарылып, зер буюмдар берилет: Түркиянын Ван шаарындагы кыргыздар үлпөт тойдо колдонгон жөрөлгөлөр (видео, фото)

Turmush -  Түркиянын Ван шаарын жердеген кыргыз боордоштор үлпөт тойдо кыргыздын салтын колдонуп, казан асып, эт тартып, улуттук тамак-аштарды да жасашат. Ал жердеги үлпөт тойдо кандай жөрөлгөлөр колдонуларын Мошал Гүвен мырза аймактык кабарчыга айтып берди.

Мошал Гүвен мырзанын карындашы Айсулуу жакында эле турмуш жолуна аттанган.

«Айсулуу карындашым Халил Ибрагим Коркмаз деген жигитке турмушка чыкты. Эки тарапка тең тууган болом. Жаштардын үлпөт тоюу Анкара провинциясынын Чубук аймагында өттү. Тойго вандык кыргыздар жашаган Улуу-Памир айылындагы, Анкарадагы туугандарбыз чакырылып, жалпы 400гө жакын адам катышты. Той түрк каадасы менен өткөрүлдү. Кыздын чоң атасы Рахманкул хандын биринчи кеңешчиси болгон. Учурда ажы Айтмухаммед уулу 85 жашта. Ал айылдагы эң улуу аксакал. Алар небереси Айсулууну үйдөн эле узатып, ресторанга келе албай калды. Шаар жеринде өткөн тойлорго убакыт аз берилет. Ал эми Улуу-Памир айылында кыргыздын каада-салты менен той өткөрөбүз. Казан асылып, эт тартылып, улуттук тамак-аштар жасалып, эртең мененден кечке чейин той берилет», - деди ал.

Мошал Гүвендин айтымында, учурда кызга калың берүү жеңилдеп калды. Күйөө бала тарап эненин сүт акысын берет. Ал эми той күнү коноктор эки жашка көрүндүк катары акча кыстарып, зер буюмдарды тагышат.

«Шаарда өткөн тойлордо ырдап, бийлеп, тойду көркүнө чыгарабыз. Көрүндүк катары эки жашты ортого чыгарып, акча кыстарып, зер буюмдар берилет. Андан соң торт кесилип, таркатылат. Калың катары мурдагыдай төрт түлүк мал бербей калдык. Азыр түрктөрдөй эле эненин сүт акысы гана берилет.

Түркиядагы кыргыздар жогорку окуу жайды аяктагандан соң турмуш курушат. 15-20 жыл мурун кыздарыбызды эрте турмушка узатчубуз. Алар 18-19 жашында турмушка чыкчу. Убакыттын өтүшү менен балдарыбыз илимге ыктап, учурда 25-30 жаштын аралыгында турмуш курушат. 30 жаштагы күйөө балам Халил Ибрагим Коркмаз аскер адамы. Карындашым да жогорку окуу жайды аяктаган. Ал учурда 25 жашта, өз алдынча ишкерлик менен алектенет», - деди М.Гүвен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×