Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.04.2018 16:06 Жаңыланды: 18.04.2018 11:56

Аксыда тургундар өзбекстандык мал ууруларды кармоого милицияга жардам беришти

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 11-апрелде түнкү саат 04:00 чамасында эки жылкы уурдап бараткан жеринен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу айыл тургуну Абдыжапар Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ал да жылкысын уурдаткан. Айылдыктар да мал-жандыктарын уурдатышып, милицияга арыз менен кайрылышкан. Бул жолу милиционерлерге ууруларды кармоого жергиликтүүлөр жардам беришкен.

«Түнү бирөөнүн кыйкырган үнү угулуп, балам экөөбүз сыртка чыктык. Көрсө, биздин айылдан жылкы жетелеп бара жаткан коңшу мамлекеттин жаранын милиционер кармап турган экен. Биз жардамдаштык. Анын шериги качып кетип калыптыр. Андан кийин аны алып кетти. Уурулар жазасын алсын. Алар буга чейин айылдыктарды сыздатып келишти», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы колго түшүрүлгөн өзбек жаранына кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Алдын ала алынган маалыматтардын негизинде Аксы РИИБ тарабынан райондун аймагында орун алган мал уурулуктардын алдын алуу максатында РИИБдин кызматкерлеринен турган түнкү күзөт уюштурулуп, иш алып барылып келген. Бул кадамдын негизинде Ушул жылдын 11-апрелинен 12-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында Аксы районунун Кош-Дөдө айылынын Атана участкасында Өзбектандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун 1987-жылы туулган Н.А аттуу тургуну кармалган, анын шериги Наманган облусунун Чартак районунун 1982-жылы туулган И.И. аттуу тургуну Өзбекстандын аймагына чек ара аркылуу качып өтүп кеткен. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле, кармалган атуул менен кошо качып кеткен анын шериги боюнча мамлекеттик кайтаруудагы чек араны мыйзамсыз өтүп жүргөндүгү боюнча КРнын КЖКнын 346-беренеси менен да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалган жарандын буга чейин 5 жолу уурулук жасагандыгы аныкталды. Ал 6 баш жылкы, 1 баш уй уурдаганын мойнуна алды», - деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери Кош-Дөбө айыл өкмөттүн тургундарына мал жандыктарынын жоготуусунан улам жалпы 270 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×