Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-абаддык мугалим Г.Матаева ырахат тартуулаган кошумча жумушту аркалоодо (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы информатика мугалими Гүлзада Матаева бий ийримин ачып, 80ден ашуун окуучуларды тарбиялап, сынактарга катышууда. Элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал информатика мугалими болсо да, окуучуларга бий үйрөтүүдөн ырахат алат.

«Өзүм мектепте окуп жүргөн кезде, университетте да бийлеп жүрчүмүн. Бийлөө боюнча атайын билим алган эмесмин. Жөн эле сабактан кийин бий ийримдерине барып, үйрөндүм. Кийинчерээк мектепти аяктагандан кийин ЖАМУнун педагогика факультетине информатика мугалими адистигине тапшырып, ал жерди аяктаган соң, информатика мугалими болуп иштеп жүрдүм. Ал ортодо турмуш куруп, жолдошумдун колдоосу менен кайрадан өзүм кызыккан бий ийримин ачып, окуучуларга бий үйрөтүп баштадым. Негизинен жаш кыздар менен иштешүү бир топ ыңгайлуу болот. Мисалы балетте 2 же 3 жашынан баштап тарбиялайт, ал эми бизде болсо 5-6 жаштан үйрөтөт», - дейт жаш мугалим.

Мындан сырткары, ал окуучуларга информатика сабагына караганда бий сабагынан кошумча сабак өткөн бир топ ыңгайлуу экенин айтат.

«Жумасына эки ирет балдарга кошумча сабак өтөм. Бир топто 20дан окуучу бар, ал эми менде мындай топтон төртөө бар. Алар менен иштешүү мага ырахат тартуулайт. Анткени мен өзүм жаш кезимден бери бийге кызыгып, бийлеп жүргөнүм үчүнбү мага бир топ жеңилирээк сезилет. Мен тарбиялаган кыздар өлкө ичинде уюштурулган бир топ сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып жатышат. Мисалы, өткөн жылы 10го жакын бийчи кызым Ысык-Көлдө өткөн «Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу сынакка катышып, баш байгени алып келишти. Ал эми бир бийчи кызым 20-майда Бишкек шаарында өтө турган сынакка даярданып жатат. Буйруса андан да ийгилик менен кайтабыз деген тилегибиз бар.

Эми алдыда бийге кызыккан жаштарды тарбиялап, бийчи кыздарым менен эл аралык сынактарга катышууну максат кылып жатам», - деди Г.Матаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Көп окулду
×