Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 17.04.2018 10:05

Балыкчыда өлкөнүн аймактарынан чогулган командалар футбол мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Кыргызстандын баардык аймактарынан келген командалар арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш «Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт» деген ураандын негизинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон мекендештерибизди эскерүү максатында уюштурулду.

Мелдешке Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 20 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Нарын облусунан келген «Ала-Тоо» командасы ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. Ал эми 2-орунду Балыкчы шаарынын командасы алып, 7 миң сом менен сыйланса, 3-орунду ээлеген Ысык-Көл районунун «Сары-Ой» командасы 5 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле, 4-орунду Кара-Көл шаарынан келген команда ээлеп, 3 миң сом менен сыйланышты.

Мелдеш Балыкчы шаарынын жаштары жана «Балыкчы ынтымак» коому тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×