Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Айыл турмушу: Манастык Т.Орозалиев 14 жылдан бери 860 гектар токойду көзөмөлдөйт (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Cаруу айылынын 62 жаштагы тургуну Туратбек Орозалиев 14 жылдан бери токой чарбада иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-жылдан бери Манас токой чарбасынын Чоң-Капка токойчулугунун жетекчиси.

«860 гектар токойду карайбыз.Токой чарбада 5 жылдык план менен иштейбиз. Ижарачыларга беребиз. Негизи көчөт өндүрөбүз. Көчөт жөнүндө айтсак биринчи көчөттү өндүрүү керек. Мисалы алманы алсак, күзүндө сапаттуу уруктар терилип алынат. Анан уруктарды себүүгө даярдайбыз. Биринчи жерди айдап, топурагын майдалап, урук себип жылуулайбыз. Кышында жер тоңгондо урук да кошо тоңот. Кышкы сууктан тоңуп, өлүп калбасын деп жыгачтын таарындысын 3-4 см калыңдыкта себебиз. Ал жазга чейин турат. Көчөттөрдү чөп-чардан тазалап, топурак катып калса жумшартып турса көчөт өскөнгө ыңгайлуу болот. Ал себүү бөлүмчөсүндө 1 жыл турат. Кийинки жылы мектеп бөлүмчөсүнө которобуз. Көчөттөр жыш болуп калса 20-25 см аралыкта отургузуп, кыйыштырууга дайындайбыз. Мектеп бөлүмчөсүндө 1 жыл турган соң кыйыштыруу башталат. Кыйыштырууну 2 түрдө кыла алабыз. Биринчиси чыбык түрүндө. Бул эрте жазда алманын кабыктарына суу жүгүргөндө башталат. Андан кийинки кыйыштыруу жайында июндун биринен баштап, 10-сентябрга чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Кыйыштырылган көчөттөр кийинки жылы жакшы багылып, өстүрүлсө сатыкка чыгууга жарап калат.

Көчөттөрдү отургузууда тамырларын абайлаш керек. Күрөк менен казылганда учу жанчылып калса көчөттөр ооруп, тамыры чирип калат. Ошон үчүн көчөттү отургузарда тамырдын учтарын кыркып, уйдун кыгын суюк кылып аралаштырып, көчөттүн тамырын малып андан кийин отургузабыз. Булар көчөттүн тамырына азык болот. Биринчи жылы сууну үзбөй, жакшы кылып баккан тамырга азык болот. Көчөттүн өсүшү жерге да байланыштуу болот. Эгер жер семиз болсо көчөттөр бат жетилет. Кошумча органикалык жер семирткичтерди жана химиялык жер семирткичтерди колдонуп көчөттөрдү натыйжалуу өстүрүүгө болот», - деди ал.

Токойчу аксакал 4 кыз, 3 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×