Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 16.04.2018 17:26 На русском

Фото — 18 жаштагы Эрзаман Ош шаарынын эң сулуу жигити деп табылды

Turmush -  Кечээ, 15-апрелде Ош шаарында өткөн «Мистер Ош 2018» сынагында 18 жаштагы Эрзаман Абдикеримов жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына сынактын уюштуруучусу Байэл Матисаков кабарлады.

Анын айтымында, сынактын жыйынтыгында «Биринчи вице-мистер» наамын Дилмурат Турсунбаев ээлесе, «Экинчи вице-мистер» наамын Нурсултан Даниярбеков алды. Сынакка 15 жаштан 25 жашка чейинки 12 жигит катышты. Катышуучулар саламдашуу, өз талантын көргөзүү жана кече кийимин көрсөтүү шарттарын аткарышты.

«Мистер Ош 2018» наамын алган Эрзаман Абдикеримовго таажы, диплом, 20 миң сом сыйлык жана «Мистер Кыргызстан 2018» сынагына катышууга жолдомо ыйгарылды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Ош шаарынын 14 жаштагы тургуну Баяна Сактанова «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагында жеңүүчү деп табылгандыгын жазган.

Өзүнүн айтымында, учурда мектепте 9-класста окуйт.

«Бул сынак мен үчүн экинчи сынак болду. Буга чейин мектептеги сынакка катышкам. «Мисс Ош 2018» сынагына катышууну досторум, жакындарым сунуш кылып, баардыгы колдоо көрсөтүштү. Ата-энеме, досторума рахмат. Сынакта жагымдуу гана таасирлер болду. Мага абдан жакты. Сынакка даярдык көрүүдө абдан ынтымакта болдук. Кыздардын бири бийди туура эмес бийлеп алса урушпай, үйрөтүп жаттык. Сынактагы эң кыйыны дефиле болду. Биз баарыбыз жуп болуп чыктык. Синхрондуу түрдө басуу абдан кыйын. Быйыл «Мисс Кыргызстан 2018» сынагына катышкым келип жатат», - деди ал.

Сулуу кыз буга катар эле келечекте котормочу болгусу келе тургандыгын кошумчалады.

«Ашпозчулук, сүрөт тартуу, китеп окуу менен алектенем. Азыркы учурда Гарри Поттер жөнүндөгү китепти окуп жатам. Мектепте баардык иш-чараларга катышкан активистмин. Мектепти аяктагандан соң котормочулук боюнча билим алам», - деген ал.

Баяна үй-бүлөдө 4 бир тууган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×