Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 16.04.2018 15:06

Айыл турмушу: С.Шералиев айылында биринчи болуп дөңгөлөк желимдөөчү жай ачып иштетип жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну 41 жаштагы тургуну Султан Шералиев 7 жылдан бери унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдеп иштеп жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча айдоочу.

«2011-жылдан баштап унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөө менен алектенем. Жеңил унаадан баштап чоң унаалардын дагы дөңгөлөктөрүн желимдейбиз. Бир күнү кардар бар, бир күнү жок болуп калат. Өзүмдүн кесибим боюнча айдоочумун. 9 жылдай Бишкек—Талас каттамы менен автобус айдадым. 2,5 жылдай маршрутка айдадым. Акыркы 7 жылдан бери желимдөө менен алектенип калдым. Бул жумушту оңой эле аркалап кеттим. Анткени ага чейин деле кылган ишим менен тааныш болчумун. Ак-Дөбө айылында дөңгөлөктөрдү желимдеген атайын жер жок болчу. Мен биринчилерден болуп ачтым. Азыр таякем экөөбүз чогуу ачып иш алып барабыз. Жеңил автоунаанын дөңгөлөгүн 60 сомдон, чоң унаалардыкын 80-120 сомдон желимдейбиз», - деди ал.

Уста 3 бала, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×