Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Ак-Суунун шахматчылары облустук спартакиадада 2-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун шахматчылары облустук спартакиадада экинчи орунду алды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун шахматчылары Каракол шаарында өткөн мектеп окуучулары арасындагы облустук спартакиадада 2-орунду жеңип алышты. Облустук шахмат федерациясы 2-орунду алган ак-суулук окуучуларды дипломдор жана медалдар менен сыйлады. Байгелүү орунду алууга салымын кошуп, команданын капчыгына көп упай топтогон Абдрашов Сагынбек, Борончиев Батырбек, Нурдинов Азамат, Асанова Алина, Кемелова Нуркыз эми республикалык спартакиадада облустук курама командада ойношот.

Ак-Суу районунун шахматчылары машыктыруучулар Деркембаев Самат, Усупбаев Омордун жетекчилигинде машыгат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 767
Көп окулду
×