Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.04.2018 12:12

Аксы районунда 5 үйгө чагылган түшүп, айнектер талкаланды

Turmush -  Аксы районунун Айбек айылында 5 үйгө чагылган түшүп, 5 электр эсептегич жана 1 сыналгы жарылып кетти.

Айбек айылынын башчысы Нурмамат Кадыров билдиргендей, чагылгандан улам 5 үйгө зыян келтирилди.

«Чагылган түшкөн 5 үйдүн тең электр эсептегичи жараксыз абалга келди. 1 үйдүн чатырчасы жана айнеги талкаланды. Дагы бир үй-бүлөнүн сыналгысы талкаланып, дубалы тешилди. Адамдар жабыркаган эмес. Көп зыян тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча айыл өкмөт жетекчилигине кайрылуу жолдодук», - деди ал.

19

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×