Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Чүй

Айыл турмушу: Тажикстанда кайненесинен өнөр үйрөнгөн Б.Исманова унутта калган терме согууну жандандырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 63 жаштагы тургуну Бааргүл Исманова кайненесинен үйрөнгөн кол өнөрчүлүгүн арадан бир топ жыл өткөн кийин кайрадан жандандырды. Ал аймактык кабарчыга боз үйгө керектелүүчү терме согуу өнөрүн айтып берди.

«Терме өнөрү байыркы кыргыз жашоосунда чоӊ мааниге ээ болгон. Мен ушул өнөрдү Тажикстанда жашап жүрүп, кийин ошол Мургаб районуна турмушка чыкканда кайненемден үйрөнгөм. Ал ортодо, тактап айтканда 1996-жылы Жайыл районунун Курама айыл аймагына көчүп келдик. Ал кезде жашоо өтө оор болуп турган. Анын үстүндө биз да жер которуп жаӊы келгенибизге байланыштуу жашоо-турмуш чынында оор эле. Бирок кол өнөрчүлүгүмдү калтырбай, аталган айылда жашаган Алымкан деген эже менен бир аз иштешип калдык. Бирок жолдошум заман кыйын болуп турганда кое тур, башка оокат кылалы деп токтоттуруп койгон. Кийин жолдошум ооруп калды. Аны карап, кол өнөрчүлүккө деле чолом тийген жок. Эми минтип арадан бир топ жыл өтүп, бул өнөрдү кайрадан улантып баштадым. Учурда боз үйдүн жасалгаларын жасап жана ушул терме согуп, эмгектеримди базарларга өткөрөм. Тилекке каршы уул-кызыма бул өнөрдү үйрөтө алган жокмун. Бирок кошуна-колоӊ жана башка аймактардан үйрөнөм деген жаштарга сөзсүз үйрөтүп келем.

Жолдошум оорудан улам каза болгон. Бир уул, бир кызым жана төрт неберем бар», - деди ал.

Кол өнөрчү терменин кантип жасаларын да айтып берди.

«Терме төрт түргө бөлүнөт. Алар: таар, терме таар, эки беттүү таар, кыжырым. Терме таарды боз үйдүн жасалгасына токуйт. Ал үчүн жүндү ийрип, чыйратып, боёкко салып даярдап алабыз. Мындан тышкары атайын казыктарды даярдайбыз. Андан соң эки адам жипти алып жүгүрөт, бир адам болсо жипти байлайт. Даяр болгондон кийин кайра казыкты кагып аны байлайбыз дагы көчөт түшүрүп сого баштайбыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 984
Көп окулду
×