Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Талас

Бакай-Атадагы өрттөн улам үй ээсине 42 миң сомдук чыгым келтирилди

Turmush -  13-апрель күнү Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынынын тургуну У.Анарбаевдин чөп, жыгачтарды сактаган жайы өрттөндү. Бул тууралу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:18 чамасында чыккан. Куткаруучулар өрттү саат 14:19 чамасында өчүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен 17 даана курулуш балкасы, 50 метр рейка, 12 даана түркүк, 70 даана түктөлгөн чөп күйүп, 6 метрлик 10 даана темир лист жараксыз абалга келген. Жалпы чыгым болжол менен 42100 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
11:09,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×