
Turmush - Бүгүн, 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кичи мекени Кара-Кулжа районуна келди. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, президенттин бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайтканына бир жыл толуп, жылдыкка келген.
Буга чейин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары президент Ош шаарына коштоочулары жок, жүргүнчүлөр менен бир каттамда учканын жазышкан болчу.
Кантөрө Токтомаматов 2017-жылдын 28-апрелинде президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасында көз жумган. Ал ооруканага инсульт болуп жаткырылган болчу.
К.Токтомаматов көз жумганга чейин Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкерлик университетинин ректору болуп эмгектенген.
Маркум Кантөрө Токтомаматов