Turmush - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу «Булак» эс алуу жайы акыр-чикирге толуп кеткени социалдык түйүндөр аркылуу айтылып, нааразычылыктар жаралган. 12-апрель күнү Аламүдүн райондук администрациясы менен айыл өкмөттүн кызматкерлери ишембиликке чыгып, аталган аймактан 10,5 тонна таштанды тазалап чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Жыгач айыл өкмөтүнөн билдиришкен.
«Ушул жерге эс алганы келген меймандар, жергиликтүү тургундар буюм-тайым, тамак-аштарынын калдыктарын ыргытпастан, акыр-чикир үчүн даярдалган акырларга ыргытып коюшса жакшы болмок. Таштандыны эс алуучу жайга өзүбүз эле ыргытып, кайра өзүбүз нааразы болуп жатабыз», - деп айтылат маалыматта.
Аталган ишембиликке 40 адам тартылган.