Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 13.04.2018 18:55 На русском

Кызга сайылган ийне сүйлөө мүмкүнчүлүгүн токтоткон: Өспүрүмгө ыплас аракеттерди жасаган дарыгер 21 жылга кесилди

Turmush -  Кемин райондук соту 13-апрелде 12 жаштагы бейтап кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаган деп айыпталып жаткан дарыгер-педиатрга карата өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Адвокаттарды окууту борборунан билдиришти.

Жактоочулар Чолпон Темирбаева жана Жоробай Хашимов аталган иш боюнча жабырлануучуга укуктук жактан көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жазык сот өндүрүшүн коштоп жүрүштү.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 246-беренеси боюнча (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) айыпталган дарыгер-педиатрдын күнөөсү сотто толугу менен аныкталып, О.А. 21 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жабырлануучунун жактоочулары моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн О.А.дан 1,5 млн сом талап кылуу үчүн арыз беришкен. Кемин райондук соту моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жабырлануучуга 500 миң сом өлчөмүндөгү каражат төлөнсүн деген чечимин кабыл алган. Жактоочулардын айтымында, бул чечимге карама-каршы тарап даттанышы мүмкүн.

Жабырлануучунун жактоочуларынын маалыматына караганда, Кемин районунун Орловка шаарында жашаган 12 жаштагы өспүрүм кыз 2017-жылы 4-сентябрда шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаткырылган. Анын ата-энеси милицияга кайрылып, 2017-жылдын 6-сентябрында О.А. аттуу дарыгер-педиатр эртең мененки саат 04:00дө 12 жаштагы кыз жалгыз жаткан бөлмөгө кирип, бейтапка кийиминин үстүнөн ийне сайып жана ага сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасагандыгын билдиришкен. Кыздын денесине сайылган ийне анын убактылуу сүйлөө мүмкүнчүлүгүн токтоткон жана кыймылдай албай калган. Денесиндеги дары тарагандан кийин жабырлануучу ушул эле күнү ата-энеси менен байланышып, уюлдук телефон аркылуу окуянын чоо-жайын дароо билдирген. Андан соң, Кылмыш-жаза кодексинин ыплас аракеттер боюнча беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми дарыгер тергөө абагына камалган.

Буга чейин Turmush басылмасына Чүй облусунун Кемин районундагы 53 жаштагы дарыгер зордуктоого аракет кылган өспүрүм кыз психикалык жактан жабыр тарткандыгы тууралуу 12 жаштагы бейтаптын апасы билдирген болчу.

«Тери оорусу менен жабыр тарткан кызымды 4-сентябрь күнү ооруканага жаткырганбыз. Ал 6-сентябрда мага телефон чалып, окуя тууралуу билдирди. Жолдошум экөөбүз дароо ооруканага бардык. Кызым бөлмөдө жалгыз ыйлап жатыптыр. Дарыгер ага түндө ийне сайгандыгын жана андан кийин кыймылдай албай калгандыгын айтты. Андан кийин ыплас иштерди жасап, бөлмөгө кирип-чыгып турган», - кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×