Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

Ала-Букада «Апамдын ысык наны» акциясында жоокерлер апаларга кат жазышты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы аскер бөлүктөрдө райондогу аялдар кеңештери «Апамдын ысык наны» акциясын өткөрүп башташты. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Калчабү Сатимбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Сары-Талаа айылынын аялдар тобу №2030 чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан жоокерлерге ысык тамак жана май токочторун алып барып беришти. Мындан сырткары, жоокерлер арасында апасына кат жазуу сынагы уюштурулуп, мыкты жазылган катты аялдар тобу өз дарегине жеткирмей болушту.

«Мындай акция район аймагында жайгашкан 10 аскер бөлүктөрүндө жети жылдан бери уюштурулуп келет. Ар бир аскер бөлүккө жыл сайын райондогу айылдын тургундары кезектешип барып турушат. Акция жоокерлерге мекен коргоодо дем күч берүү жана жигиттердин апасына болгон кусалыгын жазуу максатын көздөйт», - дейт К.Сатимбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 814
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×