Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Жалал-Абад

С.Исаков Тогуз-Тородогу митинг боюнча: Ал жерде саясатчылардын катыштыгы бар

Turmush -  «Макмалдагы» башаламандыкка саясатчылардын катыштыгы бар. Бул тууралуу 13-апрелде премьер-министр Сапар Исаков «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Данияр Толонов Тогуз-Торо районундагы митинг боюнча айтып жатып: «Анын себептери аныкталдыбы? Ага «Кыргызалтындын» кызматкерлеринин катыштыгы бар деген маалымат пайда болду. Бул боюнча эмне айта аласыз?», - деп премьер-министрге кайрылды.

Өз кезегинде өкмөт башчы: «Азырынча бул боюнча маалыматты ачыктабоону менден өтүнүштү, ал жакта абдан кызыктуу нерселер пайда болууда. Ачыгын айтканда ал жерге саясатчылардын катыштыгы бар, жакында баары ачыкталат. ИИМ текшерүүгө бир аз убакыт берүүнү өтүндү. Жакында биз маалымат беребиз», - деп жооп берди.

Буга чейин маалымдалгандай, жергиликтүүлөр 11-апрелде «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, митингге чыгып, анын имаратарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 976
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
11:09,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×