Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Талас облусуТалас району 15.01.2019 11:16 На русском

Эгиздер: Айжан менен Гүлжанды чоң атасы айырмалай албай, ким экенин сурай берчү (фото)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылында чоңойгон 19 жаштагы Айжан менен Гүлжан Эмилбековаларды мектептен мугалимдери айырмалай албай калчу. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

Гүлжандын айтымында, азыр өзү Кыргызстан эл аралык университетинин студенти. Айжан Талас шаарындагы медициналык колледжде билим алып жатат.

«Эгизим Айжан менден 5 мүнөт эрте төрөлгөн. Кичинекей кезибизде чоң атам айырмалай албай, «Айжан, Гүлжан» деп экөөбүздүн атыбызды чогуу айтып чакырчу. Келгенде «Айжансыңбы же Гүлжансыңбы?» деп сурай берчү.

Мектепте экөөбүз 2 башка класста окучубуз. Бир жолу мугалимдер бизди тааныйбы же жокпу текшерип көрүүнү чечтик. Мен анын сабагына, ал менин сабагыма кирди. Мугалимдер эмес, керек болсо классташтарыбыз дагы байкашкан эмес (күлүп). Кичине кезибизде экөөбүз аябай окшош болчубуз. Азыр айрымдар эже-сиңди деп ойлошот. Келечекте мыкты прокурор болсом жана дүйнө кыдырып, башка элдин салтын, жерин көрүп келсем дейм. Айжан окуусун ийгиликтүүаяктап, менчик косметологиялык салон ачууну каалайт», - деди ал.

Айжандын айтымында, ысымдарын ата-энеси койгон.

«Гүлжан экөөбүз окшош кийингендиктен кичине кезибизде бизди айырмалай албай эле экөөбүздүн аттарыбызды бир айта беришчү. Азыркы учурда дагы окшош кийингенге аракет кылабыз. Экөөбүз көп убакытка чейин көрүшпөй калсак бат эле сагынышып кетебиз. Бизди туугандар бирде «Нуржан бышык», деп бирде «Айжан бышык» деп айта беришет.

Гүлжан экөөбүз 7-класска чейин бир мектепте, бир класста окудук. Андан кийин Гүлжан түрк лицейде билим алды. 9-класста Гүлжан окуудан келип, эртеси менин сабагыма барып, катышып келген. Мугалим эжелер байкаган эмес. Бирок күнүгө көрүшүп жаткан классташтар Гүлжанды таанып коюшкан. Кечинде үйдө ата-энебизге айтып берсек бизге кошулуп күлөт го деп ойлогонбуз. Бирок тескерисинче атам: "уят болот антип, алдабай жүргүлө" деп катуу айткан эле.

Эгиз балдарды багып, чоңойтуу көптөгөн түйшүк экенин билебиз. Гүлжан экөөбүздүн максаттарыбыз көп. Буйруса ата-энебиздин ишеничин актайбыз деп ойлойм», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×