Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын борбордук базары өрттөнүп, 41 соодагер банкрот болду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында орун алган өрт кырсыгынан улам 41 соодагер жабыр тартты.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун айтымында, учурда өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген чыгымдар такталууда.

«10-апрель күнү дал ушул базарга «Шабдаалызар», «Береке» базарларына «Өрт, электро коопсуздук эрежелерин сактоо жана кырсыктын алдын алуу» темасында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөргөнбүз. Борбордук базарга бир өрт өчүрүүчү унаабыз кире алган эмес, анткени соода жайлар жолго чейин чыгып кеткен. Анан да айтып кетүүчү жагдай, атайын өрт өчүрүүгө суу алуучу гидранттар, суу сактоочу көлмөлөрдүн жоктугун тийиштүү тараптарга айтканбыз. Мындагы базарда келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө», - деди ал.

Миллиондогон акчага күйгөн соодагерлер менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов, ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы А.Бекилов, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев жолугуп, аларды сабырдуулукка чакырышууда. Айрымдары өрттүн келип чыгуусун электр зымдарынын эскилигинен көрүп жатса, айрымдары муздаткычтын жарылуусунан улам орун алуусу мүмкүндүгүн айтышууда.

Буга чейин өрт кырсыгын алдын алуу боюнча район, шаарлардагы базарларда апрель айынын башынан бери атайын машыгуулар өткөрүлүп жаткандыгы маалымдалган. Жыл башынан бери шаар аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, 11 миллион сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бүгүн, 13-апрелге караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан аймакка Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт толугу менен саат 06:27де өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Көп окулду
×