Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Айыл турмушу: Таластык М.Орозалиев жылына 1 тоннадан бал сатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 52 жаштагы тургуну Марат Орозалиев аары багып, жылына 1 тонна бал алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балдын 1 литрин 150 сомдон 250 сомго чейин сатат. Аарыларды 15 жыл мурда бага баштаган.

«Негизи атадан балага калат деп коёт эмеспи. Атам бар аары кармоону акеме жана мага үйрөтүп жүрдү. Акемди аарылар чаккандан кийин көңүлү калып такыр жолобой койду. Мен өзүмдө кызыгуу болгондуктан бул ишти алып кеттим. Бул иш менен алектенип келе жатканыма 15 жыл болду. Эң башында бал челектерди аарылар менен кошо 1 челегин 3 миң сомдон баалап 10 челек сатып алдым. Кийин бара-бара көбөйтүп алдым. Азыркы учурда 50дөн ашуун бал челектер бар.

Буларды кароо оңойго турбайт. Жайында 3 жолу бал алабыз дагы 4чү жолкусунда тоого барып келебиз. Ал жактан витаминдер менен камсыз болуп келишет. Күзүндө келгенде 4чү жолку балды алам. Кээ бир жылдары акыркы балды албай калтырып коём. Кышы менен калган бал менен азыктанышып чыгышат. Кышкы убакта сөзсүз жылуулап, үстүн жаап, шекерди ээритип сироп берем. Негизи 3 же 4 жыл сайын аарыларды алмаштырып туруу керек. Мен Таластан эле сатып келип араларына кошуп турам. Булар бир кишинин колунан эле багылганды жакшы көрүшөт жана ошол адамга көнүп калат. Аарылар да кичинкей балдар сыяктуу. Башында 1 тоннага жетпеген бал алып жүрдүм. Кийин 1 тоннадан ала баштадым. Балдын 1 литрин 150 сомдон 250 сомго чейин сатам. Алыска жетпей эле айыл тургундары алып кетишет», - деди ал.

Балчы 5 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1046
Көп окулду
×