Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Видео, фото — Өрт өчүрүүчү унаа кире албаган Жалал-Абаддын борбордук базары өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелге караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт чыккан аймакка Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт толугу менен саат 06:27де өчүрүлдү.

«Өрт борбордук базардын чыгыш тарабында, эт, кургатылган мөмө-жемиштер, зер буюмдар сатылуучу үстү жабык аймакта чыккан. Ошондой эле, кийим-кече, мөмө-жемиш, жашылча сатылуучу соода жерлери жабыркаган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 1300 чарчы метр күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат», - деп айтылат маалыматта.

10-апрелде аталган базарда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында күтүүсүз машыгуу болуп, анда борбордук базарга эки тараптан кирген өрт кызматынын унаасы базарга кире албай кыйналган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2041
Көп окулду
×