Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы депутаттын аны кызматтан бошотуу сунушуна: Аны талкуулоого акыбыз жок

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Акылбек Мамасейитов Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын аны кызматтан бошотуу боюнча айткан пикирине комментарий берүүдөн баш тартты.

Бүгүн, 12-апрелде ал Жалал-Абад шаарында өткөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Биз - офицербиз. Мен депутаттын пикирине комментарий бере албайм, аны талкуулаганга акыбыз жок», - деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) парламенттин бүгүнкү жыйынында Жалал-Абад облусунун ИИБдин башчысын кызматынан бошотуу маселесин кароо керектигин билдирген.

Депутат Тогуз-Торо районундагы митинг тууралуу айтып жатып: «Жалал-Абад ОИИБдин башчысы окуя тууралуу билген эмес, акциянын алдын ала алган жок жана ИИМдин башчысын бул боюнча кабардар кылган жок», - деген.

Тема боюнча:

11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1242
Көп окулду
×