Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.04.2018 15:46 Жаңыланды: 12.04.2018 18:10

Айыл турмушу: Эки бутунан ажыраган 27 жаштагы Жамалидин чакан ишкердик ачуу максатын орундатты (фото)

Turmush -  Сузак районунун 27 жаштагы тургуну Жамалидин Мамаюсупов эки бутунун жоктугуна карабай унаа оңдоп, өз үй-бүлөсүн багат. Элеттик уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 5 жашында анын бутун «КамАЗ» тебелеп кетип, эки бутун тең операция жолу менен алдырып салган.

«Кичинекей кезимде эки бутумду «ЗИЛ» оор жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен. Ата-энем мени ар кайсы ооруканаларга алып барып жүрүштү. Дарыгерлер оң бутумду санымдан, ал эми сол бутумду тиземден кесип салышкан. Жети жашымда үйдөгүлөр сол бутума протез (жасалма бут) салдырып, ага көнгөнчө протез салуучу борбордо жаттым. 5 ай дегенде көнүп, кийин оң бутума да протез салып беришти. Ага 3 жылдан ашык убакытта араң көндүм. Эки бутум жок болгон кезде, бутумдун кадыры көзүмдөн өттү. Эки буту бар, чуркап жүргөн адамдарды көргөндө аларга суктанчумун», - дейт 2-топтогу майып Ж.Мамаюсупов.

Ал учурда майып экендигине карабай, катардагы адамдардай болуп иштеп, үй-бүлөсүн багууда.

«Жасалма бут салдырган соң, ага көнгөнчө ооруканада жаттым. Ооруканада жалаң мага окшоп, кырсыктан улам колунан, бутунан айрылгандар келет экен. Мен аларды көрүп, өзүмө: «мен сөзсүз басып кетем, бирөөдөн акча сурабай, өз алдымча иштеп, акча табам» деп сөз бергем. Баскандан кийин устаканаларга барып, усталарга жардам берип жүрдүм. Унаанын тетиктерин оңдоону үйрөндүм, ал үчүн усталар менен 3 жыл чогуу жүрдүм. Учурда өзүм устакана ачып, күнүнө 7 же 8 унаа оңдоп чыгарам. Ал ортодо өзүм да 5 шакирт тарбиялоого жетиштим», - деди элеттик уста.

Ж.Мамаюсупов 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×