Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 12.04.2018 13:21 Жаңыланды: 10.07.2018 15:56

Айыл турмушу: Кара-бууралык С.Боромбаев жыгачтан 100 миң сомдук тепкичтерди жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 49 жаштагы тургуну Сейдылда Боромбаев 20 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы устачыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка бала кезинен эле кызыкчу.

«Устачылыкка болгон кызыгуум атамдан өттү деп ойлойм. 10 жыл мурда үйүмдө чакан устакана ачып алгам. Буйрутмаларды айылыбыздан тышкары коңшу айылдардан да алып турабыз. Талапка жараша жумуш аткарабыз. Мисалы мурун көбүнчө эшик-терезелерди жасачубуз. Азыр көбүнчө 2-3 кабаттуу үйлөргө тепкичтерди жасайбыз. Кардарлар көбүнчө өздөрү чийген даяр сүрөттөрү менен келишет. Коноктор үчүн атайын даярдалган стол, стулдарга да буйрутма алабыз. Жыгачтан тышкары, ламинат менен дагы иштейбиз. Устаканада менден тышкары дагы 1 адам эмгектенет. Айына 15-20 миң сомдун тегерегинде киреше табабыз.

Эшикти буйрутма кылууда кардарларыбыз материалын өзү алып келсе 4-5 миң сомдун тегерегинде болот. Материалын өзүбүз чыгарсак 10 миң сомдун тегерегинде жасайбыз. Терезелердин материалын кардар өзү алып келсе 2-3 миң сомдун тегерегинде болот. Материалы жок болсо 5 миң сомдун тегерегинде жасайбыз.

Тепкичтерди башында Бишкекте кылчубуз. Кийин айылга алып келип, иштеп калдык. Материалды кардар өзү чыгарса 50 миң сомдой болот. Биз чыгарсак 100 миң сомдун тегерегинде кылабыз. Тепкичтерди жасаганыбызга 2 жылдын жүзү болду. Шакирттерим азыркы учурда Бишкек шаарында иштешет», - деди ал.

Уста жубайы Гүлсайра Анарбекова экөө 2 кыз, 2 баланы өстүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×