Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Баткендин Кыштут айылындагы кооптуу мектепте 300дөй окуучу билим алууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айылындагы ашар жолу менен курулган авариялык абалдагы мектепте 300дөй окуучу билим алууда. Бул тууралуу мектептин директору Рахматтила Сабиров билдирди.

Анын айтымында, мектептин имараты 1960-жылдары ашар жолу менен курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

«Кыштут орто мектеби 10 жыл мурун пайдаланууга жараксыз деп табылган. ӨКМ бүтүм чыгарып бергенине карабай 300дөй окуучу авариялык абалдагы мектепте окуусун улантып жатышат. Анткени башка имарат жок. ӨКМден чатыр сурадык, «апрелде беребиз» дешти. Бул мектепте кооптонуп окугандан көрө кепеде кеңири билим бергенибиз жакшы», - деди директор.

20 жылдан бери мектеп жетекчилиги ар эшикти каккылап, бирок жыйынтык чыкпай келет. Райондук билим берүү бөлүмү мектептин жаңы имараты качан курула баштай тургандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1136
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×