Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Айыл турмушу: Манастык Замирбектин футболчу шакирттери «Красные дьяволы» деген атка конгон (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Май айылынын 25 жаштагы тургуну Кадырбек уулу Замирбек футбол боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектеп окуучуларына футбол үйрөтүп, ар кандай мелдештерге катыштырат.

«Өзүм футболду 15 жашымдан тарта ойноп баштагам. 2011-жылы Казакстанга команда менен барып, эл аралык турнирден 3-орунду ээлеп келгенбиз. Биздин команданы айылдык балдар тамашалап, «FC RED STAR» же «Красные дьяволы» деп коюшат. Футбол боюнча команданы жаштарды жөн жүрбөсүн, футбол менен машыгып, ден соолукту чыңдашсын деген ой менен түзгөм. «Туура эмес жолго түшпөгүлө» деп ар кандай турнирлерге алып барып, ойнотуп, колдон келген жардамымды берип келем. Азыр 4 окуучум Таластын курама командасында ойноп жатышат. Футбол боюнча 20дан ашык медалым, 50дөн ашык грамотам бар», - деди ал.

Машыктыруучу үй-бүлөдө 5 бир туугандын уулусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Көп окулду
×