Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.04.2018 13:10

Нарында мыкты окурман үй-бүлөлөр сыйланышты (фото)

Turmush -  С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканадагы 2017-жылдагы мыкты окурман үй-бүлөлөр аныкталып, бүгүн, 6-апрелде аларга ардак баракчалар, баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мындан бир жыл мурун окурмандарды үй-бүлөсү менен бирге китеп окууга кызыктыруу максатында бир жылдык сынак жарыяланган. Сынактын шарты боюнча окурман үй-бүлөсү менен чогуу бир жыл ичинде 100дөн ашык китеп окушу керек болчу. Жылдын жыйынтыгында жалпы төрт үй-бүлө мыкты окурман үй-бүлө деп табылып, баалуу белектер менен сыйланышты. Андан сырткары китепканалардын мыкты окурмандары дагы белектерге ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Нарын шаардык, райондук китепканалардын жетекчилери тапшырып, дагы мындай сынактар өткөрүлүп турарын айтып, окурмандарга ийгилик каалап өтүштү.

Мыкты окурман үй-бүлө:

- Изат Асаналиеванын үй-бүлөсү, Нарын шаарындагы борбордук китепканасы;
- Турганбүбү Султаналиеванын үй-бүлөсү, борбордук китепканасынын №3 филиалы;
- Гүлшайыр Маматкеримованын үй-бүлөсү, Нарын райондук китепканасы;
- Салкын Акматованын үй-бүлөсү, Нарын облустук китепканасы.

Мыкты окурман:

- Болот кызы Айдана, Нарын шаардык китепканасынын №4 филиалы;
- Кенжебек кызы Айдана, Нарын шаардык китепканасынын №2 филиалы;
- Алмаз уулу Улук, Нарын райондук китепканасы;
- Асейинова Лира, Нарын облустук китепканасы;
- Жакыпов Айдар, Нарын облустук китепканасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×