Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Нарында жаштар лидерлеринин деңгээлин жогорулатуу үчүн алты айлык окуу башталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун аймагындагы жаштар лидерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жаш лидерлердин жарандык активдүүлүгүн өрчүтүү максатында «Дилгир жаштар лидерлерин окутуу» аталышындагы алты айлык курс башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын жаштар ордосунун мүдүрү Жыргал Ражабов билдирди.

Анын айтымында, аталган курс 2013-жылдан тарта республикалык деңгээлде Бишкек шаарында жүзөгө ашырылып келген болсо, 2017-жылдан баштап аймактардагы жаштар уюмдарынын дараметин арттыруу үчүн жер-жерлерде өткөрүлүүдө. Алты айлык курстун алкагында жети негизги тема боюнча облустун бардык райондорундагы жигердүү жаштардын өкүлдөрүнө атайын даярдыктан өткөн жергиликтүү тренерлер тарабынан окутуулар өткөрүлүп, катышуучулар өз демилгелерин чакан долбоорлордун негизинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.

Алты айлык курс Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Жаштарга жаркын келечек» долбоорунун каржылоосунун алкагында өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосунда Нарын жаштар ордосу жана «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмелери тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1595
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×