Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу 05.04.2018 10:05 Жаңыланды: 10.04.2018 14:41 На русском

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (1-бөлүк)

Turmush -  Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган...

Адам баласы тили, дини чөйрөнүн таасиринен өзгөрүүгө дуушар болсо да түптүү эл эч качан өзүнүн ким экенин унутпайт. Бул сапаттарды Моңголияда төрөлүп, ошол жерде өсүп, өздүгүн аныктаган документинде казак экени көрсөтүлүп турганы менен өздөрүн кыргыз деп атаган бир ууч замандаштарыбыз көрсөтүп жатат.

Чыгыш Азияда жайгашкан Моңголия Элдик Республикасындагы (аянты — 1 564 116 чарчы км) 21 аймактын (облус) бири — Баян-Улгий аймагында өздөрүн казакташып кеткен кыргыздар деп атаган жашоочулардын саны расмий маалыматтар боюнча болжол менен 2-3 миң адамга жетет. Алар казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт.

Баян-Улгий аймагы түндүк-чыгышынан Увс аймагы, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Ховд аймагы, түндүгүнөн Россия, ал эми батышынан жана түштүк-батышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен. Расмий маалыматтар боюнча, калкынын басымдуусун (акыркы маалыматтар боюнча 93%) казактар түзөт. Ошондой эле дербет, урянхай жана халха-моңголдор бар.

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Өзүн моңголиялык кыргыз-казак деп атаган Бейсен Булан Turmush басылмасынын кабарчысына телефон (казакча, түркчө, моңголчо сүйлөп, кыргызча сөздөрдү түшүнөт) аркылуу байланышканда дагы Баян-Улгий аймагындагы кыргыздар казак улуту катары каттоого алынып, Кыргыз Республикасы тарабынан такыр унутта калганын белгиледи. Муну Кыргызстандан бир да тарыхчы моңголиялык кыргыздар тууралуу толук кандуу илимий иштер менен алектенбегени да далилдеп турат. Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхына байланышкан тарыхый маалыматтар орус окумуштуулары негиз салган илимий иштер менен жана Кыргызстандан экспедицияга барган лингвист, тилчи, фольклористтердин маалыматтары менен гана чектелет.

Бейсен Булан (55 жашта) учурда Моңголиядагы калкан безге операция жасоо боюнча биринчи даражадагы саналуу докторлордун бири. Үй-бүлөсү менен (уул-кыздары да дарыгер, медицина тармагында билим алып жаткан студенттер) медицина тармагында эмгектенген Бейсен Булан Кыргызстанга келе элек. Анын айтымында, учурда Моңголиянын аймагында кыргыздардын саны 5-6 миң адамга жетет. Алар Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосун казак тилинде окуп, улуу жазуучу менен баатыр тууралуу билишерин айтты. Ошондой эле казак элинин домбрасы менен кыргыз комузун черткендер бар.

Бейсен Буландын маалыматы боюнча, кыргыздар Баян-Улгийдин Улаанхус (кыргызча Кызыл-Кайың), Ногооннуур, Сагсай райондорунда (сомон) отурукташкан. Алардын улуту документтеринде казак деп көрсөтүлүп, казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт. Ал эми кыргыз тили дээрлик колдонулбай, унутта калган. Бирок тилчилердин, тарыхчылардын маалыматы боюнча, алардын сүйлөгөн сөзүндө казак тилине таандык эмес элементтерди да кездештирүүгө болот.

Бейсен Булан Кыргызстандын бийлигине жолдонгон кайрылуулар жоопсуз калганын белгиледи.

«1990-жылдары Моңголиядагы казактар Казакстанга көчүрүлүп жатканда, биз дагы ошол кездеги президент Аскар Акаевге кат жолдогонбуз. Бирок жооп келген жок. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова келгенде дагы кайрылуу жолдогон элек, бирок эч кандай жооп болгон жок», - деди Бейсен Булан. Ал ушул жылы биринчи жолу Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Миңдеген чакырым алыс аралыкта, төрөлүп, миңдеген чакырым алыста өсүп, эне тили сакталбай калганына каралбай өздөрүн кыргызбыз деп атап, дүйнөнүн бурчунан жолуккан кыргызстандыктардан байланыш түзүүнү суранган маектешибиздин аракетинен чыныгы патриоттук сезим байкалып жатканы кубандырат. Өзүнүн кыргыз экенин Бейсен Булан буга чейин казак жана кыргыз тилинде жарыяланган саналуу макалаларда да айтып берген. Ага дарыгерлик кесибине байланыштуу Түркияда жүргөн учурдагы жолугушуулар себеп болгон эле.

Бейсен Буландын айтымында, Баян-Улгийдеги казактар жана кыргыздар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет.

Бейсен Булан
Тарых барактарында Моңголиядагы кыргыздар туралуу алгач орус этнографы Григорий Потаниндин түндүк-батыш Моңголияга 1876-1878-жылдары жасаган илимий экспедициясында белгилүү болгон маалыматтар айтылган. Ал эми учурда Кыргызстандын тарыхчыларынын арасынан дал ушул моңголиялык кыргыздар, алардын тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу илимий өңүттө изилдеген тарыхчы, окумуштуулар жокко эсе. Азыркы тарыхый маалыматтардын басымдуусу орус окумуштууларынын иликтөөлөрү менен гана чектелет. Тарыхчылар буга чейинки мамлекеттик экспедициялар да фольклордук, лингвистикалык, диалектологиялык багыттарда гана болгонун белгилешти.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын аягына чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидады, доцент Рыскул Жолдошовдун пикири боюнча, Моңголиядагы кыргыздар этника катары калыптангандан кийин — XVII кылымдын экинчи жарымы - XVIII кылымдын биринчи жарымында кыргыз-калмак согушунда Теңир-Тоого болгон кол салуудан кийин барышы мүмкүн.

Тарых илим. кандидаты, доцент Р.Жолдошов

«Моңголиянын аймагындагы учурдагы кыргыздардын түбү Ала-Тоо кыргыздарынан бөлүнгөнү белгилүү, бирок качан, кайсы мезгилде экенин эч ким так биле албайт. Моңголия кыргыздары тууралуу алгачкы кабарды XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында орус саякатчысы Григорий Потанин саякаттап жүрүп, Моңголиянын батышында Кыргыз-Көл — Моңгол Алтайдын күн чыгыш тарабында дөргөндөрдүн жанында өздөрүн кыргыздар деп атаган элди жолуктурган. Аларды моңголдор хотондор деп атаган. Бирок өздөрү кыргызбыз деп айтышкан. Ошол маалда кыргыздардын саны миңден бир аз ашышы мүмкүн. Алар моңголдор менен казактардын арасында жашаган, ал жакта казактар көп. Казактардан айырмаланып кыргызбыз дешкени менен тили ошол учурда эле казактарга окшогон, дини болсо ламаизм багыты болгон. Потанин алардан алгачкы маалыматтарды — оозеки фольклор, тарыхын жазып алган.

Андан кийин да моңголиялык кыргыздарды бир катар орус окумуштуулары изилдеди. Бирок суверендүү Кыргыз мамлекети болуп бөлүнгөндөн кийин ошолорго (Моңголиядагы кыргыздар) көңүл бурган жокпуз. Моңголияга көп эле окумуштуулар, экспедициялар барышат, бирок тарыхка тиешеси жок. Ал экспедициянын арасына саясатчылар да кошулуп алып, тарыхчыларга орун жок калат...

Потаниндин эмгектеринде моңголиялык кыргыздардын кыргыз экенине далил катары кызмат кылуучу элементтер бар. Алар байыркы мекени катары Бухараны айтышкан. Ошондой эле Потанин жазып алган уламышта кырк кыздан тараган сарбаш уруусунан тараганын айтышкан. Сарбаш сарыбагыш болушу мүкүн. Аларда да кыргыз тарыхындагы 40 кыз термини кездешип жатат.

Совет этнографы, түрколог Саул Абрамзондун эмгегинде да Моңголияда кыргыздар бар экени белгиленген. Демек кыргыздардын тобу XVII кылымдын биринчи жарымы - XVIII кылымдын экинчи жарымында жуңгарлар тарабынан колго түшүрүлүп, көчүрүлүп кеткен болушу мүмкүн. Алар өздөрүн кыргызбыз дешкенин кийинки изилдөөчүлөр да белгилешет. Ошондой эле айрым окумуштуулар моңголиялык кыргыздар казакча сүйлөгөнү менен тилинде кыргыз тилинин элементтери бар экенин белгилешкен.

Бирок учурда Моңголиядагы кыргыздар, алардын отурукташуусу, жер которуусу, салт-санаасы, деги эле жашоосу тууралуу так иликтөөлөр жок, жалпы маалыматтар менен гана чектелебиз. Алар (моңголиялык кыргыздар) кырк кыздан тараган сарбаш уруусу экенин, теги Бухараны жердегенин жана өздөрүн мусулман деп атаганынын өзү логикалык жактан далил катары кызмат кылат. Демек алар Моңголияга кийинчерээк — этникалык калыптануу болгондон кийин, тактап айтканда XVII кылымдын биринчи жарымы - XVIII кылымдын экинчи жарымында барган кыргыздардын бир бөлүгү. Тарбагатай кыргыздары менен аларды байланыштырсак болот. Тарбагатай кыргыздары тууралуу маалыматтар бизде көп, бирок алар менен Моңголиядагы кыргыздар жашаган аймактын аралыгы 500 метрге жакын болгону менен тарыхый изилдөөлөр жокко эсе.

Моңголиядагы кыргыздар кыргыз тилинде сүйлөбөй калганына карабастан кыргыз деген түшүнүктү жоготпогону, улутун атап жатканы эң чоң далил», - деди Р.Жолдошов.

Баян-Улгий аймагы (сүрөттөр интернеттен алынды)

Америкалык режиссер Брэндон Ли Батыш Моңголиядагы элдин (этникалык казактар тууралуу) жашоосу тууралуу тарткан видеотасмасын «Моңголиядагы көчмөндөр» деп атаган.

Тарых барактарынан: Жуңгар-кыргыз согушу

XVII кылымдын башы XVIII кылымдын ортосунда кыргыздар ойроттордун кол салуусуна каршы күрөшкөн. Тарых барактарында Жуңгариядагы ойроттор XV кылымда эле кыргыздар жашаган Теңир-Тоого, Ферганага жортуулга келип турганы айтылат. Муну менен ойроттор жергиликтүү калктардын мал-мүлктөрүн тартып алуу, салык (алман) төлөтүү, айрыкча кыргыз, казак, өзбек жана уйгур жерлерин жайыт катары пайдалануу максатын көздөшкөн.

Кол салгандарды алгач 1620-жылдары кыргыз, казак аскер күчтөрү өз аймактарынан сүрүп чыгарса, 1626-27-жылдары кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы жортуул уюштуруп, аларды Сибирге чейин сүрүп барышкан. Ал эми 1633-жылы калмактар кыргыздар менен казактарга кол салып, жеңишке ээ болуп, казактын Эшим ханынын уулу Жангыр султан туткунга алынган. Ал кийин бошотулганы айтылат.

1652-жылы кыргыздар менен казактарга каршы Очирту Цэцэн хан жортуулга чыгып, 1658-жылдары Талас өрөөнүндөгү салгылашта кыргыз, казак, өзбектердин биргелешкен жоокерлери жеңилүүгө дуушар болушкан. 1681-85-жылдары Галдан Бошокту хандын аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө бир нече ирет жортуулга барышып, Ош, Өзгөн, Сайрам шаарына чоң зыян келтирсе, 1707-жылдары Цебан Рабтан теңир-тоолук кыргыздар менен салгылашкан. 1718-22-жылдары Кыргызстандын түндүк тарабындагы бир катар аймактар убактылуу жуңгарлардын кол алдында калган. Элдик санжырада бул аймактардагы кыргыздар калмактардын кысымынан Фергана, Каратегин, Кысар (Гисар) тарапка эки жолу жер которууга мажбур болгону маалымдалат.

1725-1727-жылдары калмактар Кыргызстандын түндүгүнө жортуул жасап, анда кыргыздар согушпастан, келишим түзүүгө мажбур болушкан. Андан кийинки жылдары да эки тараптын ортосунда салгылаштар болуп отуруп, 1752-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде калмактарга катуу сокку берилип, акыры жеңиш кыргыздар тарапка оогон. Бул маалыматтардын негизинде кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарына боштондук мүнөздөмө берилет.

Тарыхчылар да белгилегендей, эгемендүү өлкө болгонго чейин жана андан кийин да Кыргызстан тарабынан Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхы, жашоосу тууралуу тарыхый илимий иликтөөнүн жоктугу өкүнүчтүү. Turmush басылмасы Моңголияда өздөрүн кыргызбыз деп атаган элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу маалыматтарды окурмандарга жеткирүүнү улантат. Бул багытта кызматташууну каалаган тараптарды редакция менен байланышууга чакырабыз.

Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com

WhatsApp: 0554 65 60 25.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×