Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 03.04.2018 18:46 На русском

Видео — Баткенде тажик тарап жер талашып, чек арада чыр чыкты (видео)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чатак чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, чыр чыгарып жиберип, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин жетишти. Тажик тарап 2 аптадан бери контейнер коюуга аракет кылып келишкен.

Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери иш алып барып, кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Ал эми, экинчи маалыматтарга караганда, жаңжал саат 17:00 чамасында чыкты. Чырдын чыгышына Кыргызстандын Үч-Дөбө айылынын тургуну чарбагын тосуу үчүн дубал курууга кылган аракети себеп болгон. Тажик тарап «бул такталбаган жер, мында курулуш курганга болбойт, эки тараптуу келишимде ушинтип сүйлөшүлгөн» деп нараазы болуп, натыйжада 2 тараптан ондогон адамдар топтолгон. Ортодогу чатак эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусуна чейин жеткен. Натыйжада кыргыз тараптан 1-2 адам жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Тажик тараптан да жабыркагандар бар.

Чыр чыгууга себеп болгон дубал

Учурда чыр чыккан жерге милиция кызматкерлери, Баткен чөлкөм чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев баш болгон чек ара кызматкерлери келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Чек ара кызматы эмне дейт?

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чатак Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа-Аъло айылынын тургундарынын ортосунда чыккан. Анын чыгышына Үч-Дөбө айылынын тургунунун тосмо курушу себеп болгон. Себеби аталган тилке тактала элек чек ара тилкеси болуп эсептелгендиктен, ал жакта курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок кыргызстандык жаран тыюу салынганына карабай тосмо коюуга аракет кылып, тажик тараптын нааразычылыгын жараткан. Сөз менен чатакташууга эки тараптан 50 жакын адам топтолуп, бир-бирине таштарды ыргытышкан. Жаңжал жарым сааттын ичинде басылып, учурда Баткен менен Исфара райондорунун акимдери жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Жагдай көзөмөлгө алынып, азыр Баткендеги чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Баткен облусунун жетекчилиги эмне дейт?

Чек арадагы абал тынч. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чогулгандар тарап кетишти. Чатак чыккан жерде облус башчысы Абиш Халмурзаев, Баткен ОИИБдин жетекчиси А.Тагаев, Баткен районунун акими Кеңешбек Салихов жүрөт. Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги менен чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Чатактан улам кыргыз тараптан 1 адам, жабыр тартты. Ыргытылган таштан улам бир үйдүн чатыры жана унаанын айнеги сынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×