Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 03.04.2018 10:33

Кадамжайда дарылык касиети бар ичүүчү суу чыгарган чакан ишкана ачылды (видео, фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында табигый булак суусун желим бөтөлкөлөргө куюп, иштеп чыгаргандан кийин кардарларга сунуштаган чакан ишкана ачылды. 20 кишини жумуш орду менен камсыздаган бул ишкананы ачуу үчүн «Улар-Аква» жоопкерчилиги чектелген ишканасы 5 млн сомго жакын каражат жумшаган.

Жаңы ишканадагы керектүү жабдуулар толугу менен Кытай мамлекетинен алынып келген.

«Бант» деп аталган суу Кароол айылынын жайлоосундагы өзүнчө тарыхка ээ болгон булактан алынып келет. Учурда чыгарылган продукция Баткен облусунун аймагында сатылууда. Ишкананы жеке ишкер Шерали Маматалиев ачты. Буга чейин облустук жетекчилик келечекте ишкананы кеңейтүүгө колдоо көргөзө турганын билдирген болчу.

«Бант» суусу — эң жогорку сапаттагы, газдалбаган булак суусу. Эл арасында ал кант диабети, ичеги-карын, бөйрөк ооруларын айыктыруучу дарылык касиетке ээ жана жаңы төрөлгөн ымыркай балдарга, диеталык тамактануу үчүн колдонууда пайдалуу экендиги айтылып келет.

Бишкек шаарынан, Ош, Жалал-Абад жана башка облустардан «Бант» суусуна буйрутма кылуучулар 0772 46 47 00, 0502 46 47 00 телефон номурлары аркылуу кайрылса болот. Ишканада буйрутмаларды дүңүнөн жеткирип берүү кызматы да каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×