Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 22.03.2018 15:01 Жаңыланды: 06.11.2018 21:01

Айыл турмушу: Бакай-аталык Асел айым кыз-келиндерге баштыкчаларды токуп сатууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 25 жаштагы тургуну Мыктыбек кызы Асел 1 жылдан бери кыз-келиндерге баштыкчаларды токуп сатып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, баштыктары 900 сомдон 1200 сомго чейин бааланат.

«2016-жылы Ак-Дөбө айылына келин болуп келдим. Жолдошум жумушка кеткенде мен үйдө отурчумун. Үйдө өзүм жалгыз зерикпейин деп интернет булактарынан баштыкчалардын кантип токуларын үйрөнүп баштадым. Өзүмдө кызыгуу болгондуктан бат эле өздөштүрүп кеттим. Керектүү буюмдарды Бишкектен алдыртам. Бир баштыкты бир күндө токуп бүтүрөм. Токуп бүткөндөн кийин формасын келтирип үтүктөйм. Мен көбүнчө буйрутма менен токуйм. Көлөмүнө жараша 900 сомдон 1200 сомго чейин баалайм.

Айыл ичи болгондуктан колдон жасалган буюмдар көп өтпөйт. Ошондуктан көбүнчө буйрутма менен иштейм. Көргөзмөлөргө катышып турам. Бул иштин эч кандай кыйынчылыгы жок, болгону кызыгуу керек. Жасаган ишимди кайын журтум сүйүнүү менен кабыл алат», - деди ал.

Асел айым 1 наристенин апасы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×