Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

Фоторепортаж — Кыргызстандын аймактарындагы Нооруз жана рекордду жаңылаган 800 кг боорсок

Turmush -  21-март — Нооруз майрамы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жана аймактарда салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Район-шаарлардын, айылдардын жетекчилери жана жашоочулар тарабынан ар кандай иш-чаралар, сынактар, көргөзмө-жармаңкелер, оюн-зооктор, мелдештер уюштурулуп, буга чейин даярдалган сүмөлөктөн даам сызышты.

Turmush басылмасынын кабарчылары өлкөнүн аймактарындагы Нооруз майрамынын жүрүшүн жеринен чагылдырып беришти.

Боорсок бышыруу боюнча улуттук рекорд...

Бишкектен 30 км алыстагы Татыр капчыгайында 700 кг боорсок жасалып, жарым тоннадан ашык аш басылды. Иш-чаранын уюштуруучусу Жаркынай Кудаярованын айтымында, 800 кг боорсок улуттук рекорд болуп эсептелет.

«Боорсок жасоодо 7 кишиден турган 10 команда күч сынашты. Кийинки жылы Гиннестин Рекорддор китебине киргенге аракет кылабыз», - деди ал.

Камыр нан чыгаруучу заводдо даярдалып, катышуучуларга бөлүштүрүлүп берилген. Жалпысынан жарым тонна жогорку сорттогу ундан 1 тоннага жакын камыр жуурулган.

Ош облусундагы Нооруз майрамы

Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Майрам сахналаштырылган концерттик программа менен коштолуп, көргөзмөлөр да уюштурулган.

Ошондой эле, «Ыкчам боз үй тигүү» сынагынын финалы бүгүн, 21-мартта болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Turmush басылмасынын кабарчысы кабарлагандай, жыйынтыгында буга чейин 6 команданын ичинен финалга чыккан «Алымбек датка» комплексинин командасы жеңишке жетти. Алар боз үйдү 7 мүнөттө тигип бүткөн.

Ал эми Ош гуманитардык педагогикалык институтунун командасы 7 мүнөт 7 секундда тигип бүтүп, 2-орунга жетишти. Жеңүүчүлөргө атайын даярдалган сыйлыктар берилди.
Сынактын алгачкы турлары буга чейин өтүп, финалдык турга аталган 2 команда чыккан болчу.


Нарындагы памирлик кыргыздар Ноорузду масштабдуу түрдө биринчи жолу майрамдашты

Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Нооруз майрамына арналган иш-чара салтанаттуу түрдө саат 10:00дө башталып, аны Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачты. Андан соң облус башчысы Аманбай Кайыпов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков теңир-тоолуктарды майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында жашап жаткан памирлик кыргыздар бул жылы Нооруз майрамын масштабдуу түрдө биринчи жолу майрамдашты.Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, майрамга Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдилбаит Жээнбек уулу үй-бүлөсү менен келген. Анын айтымында, Памир жергесинде Нооруз күнү салтанаттуу белгиленбейт, бирок алар бири-бирин майрамы менен куттукташат.

«Памирде биздин ата-бабаларыбыздын учурунда Нооруз майрамын майрамдап, жаңы жылды тосуп алчубуз. Бирок азыркы убакта Памирдин аба ырайынын татаалдыгына жараша биз бир жерге чогулуп майрамдай албайбыз. Мындан улам бири-бирибизди көргөн жерден "жаңы жылың кут болсун, Нооруз майрамың менен" деп куттуктап коебуз.

Биз жылды Нооруз менен ажыратабыз, өткөндө бул жерде 1-январда жыл ажыратылып 2018-жыл болду.
Ал эми Памирде башкача, бул күндү "тарыхый хиджра" деп коет. Ошондо биз жыл санагы менен 1397-жылга бүгүн кирдик. Тактап айтканда, Нооруз майрамында жылды ажыратабыз (жыл жаңырат). Бүгүн жыл башы болгондуктан 44 жашка жаңы чыктым. Башкача айтканда, туулган күнүбүздү белгилеп жатабыз. Бүгүнкү Нооруз майрамында Нарын шаарында жогорку деңгээлдеги майрам өттү. Жалпы кыргыз элин, анын ичинде Нарын шаарынын элин Нооруз майрамы менен куттуктайм», - деди А.Жээнбек уулу.


Таласта Нооруз майрамында 2 миңдей адамга сүмөлөк таратылды

Бүгүн, 21-мартта Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунда «Улуттун улус майрамы Нооруз» аталышындагы маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева билдирди.

«Бүгүнкү иш-чарага жалпы 2 миңдей адам катышты. Концерттик иш-чарада А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин концерттик программасы тартууланып, Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма театрынын жамааты тушоо кесүү жөрөлгөсүн көрсөтүштү. Балдарга билим берүү борборунан бий тартууланды. Келген конокторго сүмөлөк таратылды.

Мындан тышкары, сынак катары Талас облусундагы мамлекеттик мекеме-уюмдар арасында тамак-аштардын жармаңкеси өтүүдө. Ал үчүн атайын комиссиялык топ түзүлгөн», - деди ал.
Иш-чарага жалпы 30 миң сом каражат жумшалды.

Ошондой эле, тамак-аш жармаңкесине 13 мекеменин кызматкерлери катышты. Жармаңкеге 30 миң сом бөлүнгөн.

Манас районундагы Нооруз майрамында ыр-бийлер аткарылып, салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Бакай-Ата районунда майрамдын алкагында ар кандай салтанаттар уюштурулуп, каада-салттар көрсөтүлдү.

Кара-Буура районунда апаларга ардак баракчалар тапшырылды. Жаш балдар атайын концерттик программа тартуулашты.

Кантта Нооруз күнү сүннөт той өттү

Чүй облусунун аймагында дагы Нооруз салтанаттуу белгиленип жатат. Кант шаарында Нооруз майрамы өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагуловдун катышуусу менен белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чарада улуттук каада-салт — сүннөт той көрсөтүлдү. Анда Нооруз аттуу балага сүннөт ырымы жасалды. Иш-чаранын алкагында майрамдык концерт өтүп, Кант шаарынын эли үчүн тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду.

Мындан сырткары бүгүн, 21-мартта Чүй облусунун бардык райондорунда, айыл аймактарда боз үйлөр тигилип, спорттук мелдеш, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү жана майрамдык концерттер уюштурулду.

Ал эми Суусамыр өрөөнүндө Нооруз майрамынын урматына ат оюндары башталды.
Нооруз майрамында Баткенге Тажикстан менен Өзбекстандан коноктор келди

Баткен шаарында 21-март — Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Маалыматка караганда, Баткен шаардык мэриясы тарабынан даярдалган сүмөлөк элге таратылды. Сүмөлөккө көрүндүк катары облус жетекчилиги 1000 сом берди. Андан соң Баткен шаары жана Баткен району тарабынан уюштурулган тамак-аш жармаңкеси өттү.

Салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Хабибилло Ярматов менен Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Косим Содир да катышты. Алар өз куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырышты.

«Мусулман элинин бийик майрамы болгон Нооруз майрамы барыбызда белгиленүүдө. Бүтүн ааламда майрам күнү десек жаңылышпайбыз. Бул майрам ушул Фергана өрөөнүндөгү кошуна элдерди ынтымакка, достукка алып келүүчү майрамдардын бири. Кошунаны өзүбүз тандабайбыз, ошентсе да биримдикте жашоо, кошуна менен жакшы мамилени кармоо биздин милдет. Ошондуктан кошуна кыргыз элин тажик элинин атынан куттуктап кетем», - деди Исфара шаарынын мэринин орун басары Косим Содир.

Майрамга карата А.Жайнаков атындагы драма театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Жалал-Абадда сүмөлөк, көжө даярдалып, майрамдын катышуучуларына таратылды

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Жаңы күн же Нооруз майрамын утурлай кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрү уюштурулду. Бул саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев баштаган бийлик өкүлдөрү да катышып, алгач майрамга утурлай коюлган көргөзмөлөр менен таанышышты. Андан соң Аймактарды өнүктүрүү жылы калк колдоосуна ээ болгондугун, коңшу Өзбекстан мамлекети менен алаканын жакшырганы, улуттар аралык достуктун бекемдиги театрлаштырылып көрсөтүлдү.

Ыйгарымдуу өкүл кыргыз журтчулугун Нооруз майрамы менен куттуктап жатып: «Нооруз аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Ылайым жергебизде тынчтык орноп, өнүгүп өсүү болсун», - деди ал.

Майрамга утурлай Эркиндик аянтына 2 боз үй тигилген.

Ошондой эле Токтогул шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип, майрамга карата 3 боз үй тигилген. Ал эми катышуучуларга сүмөлөк жана көжө тартууланды.
Чаткал районунда Нооруз майрамында улуттук ат оюндар боюнча мелдештер уюштурулуп, аялдар дагы эңишке түшүштү.
Ысык-Көлдө Нооруз майрамы фестивалдар менен коштолду

Бүгүн, 21-мартта Каракол шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Майрамдык иш-чарага облустун кол өнөрчүлөрү, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, орто жана жогорку окуу жайдын студенттери, жергиликтүү тургундар, 10го жакын ар этностун өкүлдөрү катышууда.

Майрамда «Ашлям-фу» фестивалы, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Таттуу» көргөзмөсү, «Көчмөндөр жаңырыгы» боз үйлөр көргөзмөсү уюштурулду.

Майрамга чогулган элди өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев куттуктап, жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, Анкаранын Кичи-Орон муниципалитет ортосундагы боорлош келишимдин негизде атайын делегаттар майрамга катышууда.
Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Нооруз майрамына карата «Кыргыздын улуттук оюндары» аттуу фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалдын максаты улуттук каада-салтты, кол өнөрчүлүктү жайылтуу жана райондор аралык ынтымыкты чындоо, туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Ага Ысык-Көл облусунун район жана шаарларынан өкүлдөр келип катышууда.

Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы. Майрамдык иш-чарада Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Акыл Саралаев жергиликтүү тургундарды куттукташып, Нооруз майрамынын маанисине токтолушту.

Мындан тышкары, шаар тургундары арасында мыкты боз үй жана улуттук тамак-аштар боюнча сынактар уюштурулду. Ошондой эле, көк бөрү, кыз куумай, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1524
Көп окулду
×