Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Жалал-Абад

Кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолун жаап калды: Посттордо 200дөн ашык унаа токтоп турат (фото)

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ири көлөмдө кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Бишкек—Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертет.

Маалым болгондой, учурда унаа жолду тазалоого ӨКМдин 41 куткаруучусу, Жол тейлөө ишканасынан 4 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Камбар-Ата ГЭСтен кошумча 1 бульдозер тартуу маселеси каралууда.

Мындан сырткары, Токтогул районунун «Арал» постунда 2 чатыр, Жайыл районунун «Сосновка» постунда 2 мобилдик турак үй, Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 1-чакырымында (Өтмөк ашуусу) 1 чатыр тигилип, жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган. Ошондой эле, Талас районунун Талды-Булак айылында жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган. Учурда Сосновка постунда 100 оор жүк ташуучу, Арал постунда 40 оор жүк ташуучу, 50 жеңил унаалар турат. Ал эми Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 60 оор жүк ташуучу, 30 жеңил унаалар турат.

Жайыл районунун Сосновка постунан Таласты көздөй унаалар өткөрүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Жайыл районунун Сосновка постунан Таласты көздөй унаалар өткөрүлүп жатат.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында кечээ, 13-мартта саат 22:40 чамасында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түшкөндүгүн маалымдаган.

«Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча Бишкек—Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек—Ош унаа жолу менен кар көчкү толугу менен тазаланмайынча алыскы сапарга чыкпоону сунуштайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1235
Көп окулду
×