Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 24 жаштагы Элиза торттун түрүн жасап сатып кошумча киреше табууда (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын 24 жаштагы тургуну Малабекова Элиза үйүнд- торт жасап сатып, кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үйгө мейман болуп келгендер ал жасаган таттууларды жактырып, аларга дагы жасап берүүнү суранышчу.

«Кийинчерээк бир туугандар, курдаштар буюртма бере башташты. Өзүм мугалим болуп мектепте сабак берчүмүн. Декретке чыгып, бала менен үйдө олтуруп калганда убактым көбүрөөк болуп, интернет булактарынан торттун түрлөрүн көрүп, ого бетер кызыгуум арта баштады. Билимимди жогорулатып атайын кондитер курсуна бардым. Өзүмө жаккан иш болгондуктан бат эле тереңирээк өздөштүрүп алдым. Азыр буюртма менен жасай баштаганыма 2 айдын жүзү болду. Таттуулардын баардык түрүн жасайм. Мисалы: кызыл бархат, сникерс торту, вуппи-пай, напалеон, чизкейк сыяктуу таттууларды жасайм. Кардардын буюртмасына жараша, алардын оюндагыдай кылып даярдап берем. Декеративдүү элементтерин эске алганда 1 тортко 2-3 күн керектелет. Кардарлардын көпчүлүгү шаар тургундары. Кээде ар кайсыл аймактардан келип буюртма беришет. Учурда өзү Москвада иштеп жүргөн кардарым ата-энесине сюрприз кылып, торт даярдатып жатат. Даяр болгон соң, Беловодск айылына ата-энесине жеткиртирип берем.

Өзүм жашаган райондогу дүкөндөргө дагы таштайм. Андан сырткары, инстаграм социалдык тармагындагы баракчам аркылуу буюртмалар келе баштады. Мен жасаган тортторду башкалар кымбатыраак сатышат. Мен элдин капчыгына ылайыктап 500 сомдон баштап салмагына жараша баалайм. Көбү торт жасаганды оңой көрүшөт. Бирок, анын дагы өзүнүн эрежелери бар. Торт жасап кардарга берүүнүн дагы жоопкерчилиги чоң. Себеби тортту үй-бүлөсү менен же дагы бир жакшылык үчүн чогуу олтуруп жегенге алышат. Тортту кардар ойлогондой таттуу, даамдуу кылып жасаганга аракет кылам. Ошондуктан ар бир тортту абдан кылдаттык менен жасайм. Бир айда тапкан кирешем өзүмө кенен жетет.

Бош убактымда изденип, дагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө аракет кылам. Китеп окуйм, үй-бүлөм, курбуларым менен сейилдегенди жакшы көрөм. Максаттарым көп, билимимди дагы да жогорулатуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып, кондитердик курстарга жана мастер класстарга катышып, өзүмдүн кондитердик дүкөндөрүмдү ачсам дейм. Мындан тышкары, кайрымдуулук иштери менен алектенгим келет», - деди ал.

Элиза Малабекова 1 кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9885
Көп окулду
×