Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 100 адам иштей турган кыш заводу курула баштады

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө алгачкы жолу 100 адамды иш менен камсыз кылуучу кыш заводу курула баштады. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Эржигит Пасаңов билдирди.

Анын айтымында, Куршаб өрөөнү боюнча буга чейин кыш завод болгон эмес.

«Биз кирпич чыгаруучу завод курууга уруксат берип, 10 гектар жер бөлүп бердик. Учурда жумушчулар үчүн жатакана салууга жер ырасталып жатат. Июнь айынан тартып кыш чыгарыла баштайт. Бул заводдун ишке кириши айыл элине жакшы шарттарды түзүп берет. Жергиликтүү тургандар иш менен камсыз болот. Үй салуучуларга жеринен кыш сатып алууга шарт түзүлөт», - деди Пасаңов.

Заводдун иш башкаруучусу Шабданбек Бопушовдун айтымында, күнүнө 30-40 миң даана кыш чыгара турган завод курулат.

«Жалпы 100 адам иш менен камсыздалат. Июль айына чейин кыш даярдоочу меш жана жатакана курулат. Азыр 4 техника тынымсыз иштеп жатат. Ал эми кыш чыгаруучу мешке жабдуулар Кытайдан алынып келинет. Буйруса күнүгө 30-40 миңдин тегерегинде кыш чыгат деген план коюп жатабыз», - деди Бопушов.

Жергиликтүү тургундардын бири Момун Сандыбаевдин айтымында, буга чейин үй салууга кышты Оштон, Жалал-Абаддан ташып келишкен.

«Элдин бардыгы эле кубанып жатат. Буга чейин кышты башка аймактардан жүктөп келчүбүз. Эми өзүбүздө чыгып калса, чөнтөккө да үнөмдүү болот», - деди Сандыбаев.

Айыл өкмөт башчысы Эржигит Пасаңов мындан сырткары айыл өкмөттө таш кесүүчү дагы 2 ишкана ачыла турганын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2243
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×